Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы” долбоору старт алды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы” долбоору старт алды

Тогуз-Торо районундагы токой жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин сиңирилишин жогорулатуу долбоорунун презентациясы өттү.

“Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы” (CS-FOR) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жумушчу топ Жалал-Абад облусунун  Тогуз-Торо районунун тургундары жана активи менен жолугушту. 

Аталган жолугушууда катышуучуларга климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жеңилдетүү,   ага туруштук берүүнүн негизги багыттары жана долбоордун алкагында аткарыла турган иш-чаралар жөнүндө маалымат берилди.  

Жыйындын жүрүшүндө максаттуу райондордо жаңы токой экосистемасын түзүү, жайыттардын деградациясын токтотуу, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү, жашыл инвестицияларды тартуу аркылуу калктын социалдык, экономикалык жана экологиялык маселелерин чечүү боюнча маалымат берилди.

“Климаттын өзгөрүшү абаны болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта ысытып, адамзат коомуна өтө реалдуу жана кооптуу таасирин тийгизүүдө жана анын кесепеттери, келечекте барган сайын күчөй бермекчи. Кыргызстандан температуранын жогорулашы кургакчылык, сезондук аба ырайынын алдын ала болжолдоо мүмкүн болбогондой тез-тез өзгөрүшү жана жер көчкү, сел жана кар көчкү, токой өрттөрүнүн көп каталышы табигый кырсыктардын көбөйүшү сыяктуу интенсивдүү экстремалдык көрүнүштөрдүн саны кескин өсүп кетишине алып келүүдө”, – деп билдирди долбоордун климаттын өзгөрүүсү жана экосистемалар боюнча адиси Венера Сураппаева.

Анын айтымында климаттын өзгөрүүсүнүн негизги себеби – адамдардын чарбалык иш-аракеттери. Көмүр, мунай жана газды жылытууга пайдалануудан келип чыккан парник газдары жерди чулгап, күндүн ысыгын кармап, абанын температурасын жогорулатат.

Климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы долбоору, жогоруда аталган коркунучтардын деңгээлин төмөндөтүү үчүн парник газдарынын абага чыгуусун азайтууга багытталган иш-аракеттерди аткарууну көздөйт.

Аталган иш чаралар 2030-жылга чейин уланып, 3 багытта жүргүзүлөт. Алар: табигый ресурстарды далилдүү башкарууну күчөтүү, токойлорду, жайыттарды калыбына келтирүү үчүн жашыл инвестицияларды тартуу жана климатка сезгич нарк чынжырларын өнүктүрүү.

Долбоордун максаттуу төрт аймагына, Ак-Талаа, Сузак, Тогуз-Торо жана Өзгөн (Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустары) райондору кирет. Аталган райондор климаттык сезгич зоналарда жайгашып, климаттык коркунучтарга дуушар болушат. Бул аймактарда акыркы 27 жылдын ичинде орточо жылдык температура 1,5°C га же андан ашык көрсөткүчкө жогорулаган.

“Кыргызстан Париж келишимине кошулуп, өзүнө алган милдеттерине ылайык атмосферанын температурасынын өсүшүн 1,5°C га чейин ашырышпасы зарыл. Жыл сайын биздин өлкөдө 15 млн тонна көмүр кычкыл газы бөлүнүн чыгат. Азыркы учурда токойлор 11 млн тоннаны гана сиңирип алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошол себептүү биз жакынкы жылдары ашып калган 4 млн көмүр кычкыл газын секвестрациялоого мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек», – дейт Токой кызматынын директорунун орун басары Бакытбек Ырсалиев.

Аталган максатта 2030-жылга чейин Кыргызстанда 6000 га жер аянтында токойлор тигилип, аталган райондордун тургандарын жеңилдетилген насыялар берилип, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга шарттар түзүлөт.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин карашту Токой кызматы, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС), Россия-Кыргыз өнүгүү фонду жана Бириккен Улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан ишке ашырылат.

Show More
Back to top button