Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кара-Суу районунда “Ак-Текс” пахтаны кайра иштетүү заводу ишке берилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кара-Суу районунда “Ак-Текс” пахтаны кайра иштетүү заводу ишке берилди

Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагында “Ак-Текс” пахтаны кайра иштетүү заводу ачылып, ишке берилди.

Заводдун негизги иш багыты Ош жана Жалал-Абад облустарынын дыйкандар өндүргөн чийки пахтаны кабыл алуу, кайра иштетүү, техниканын чигит үрөнүнөн пахта майын жана мал чарбасы үчүн тоют (күнжара) өндүрүү болуп саналат.

Завод Турция мамлекеттинин ишкерлери менен бирге жалпы смета баасы 80 млн сомдук долбоор менен курулуп ишке берилди. Пахта заводдун аянты 1,5 га.

Кубаттуулугу суткасына 30 тн пахтаны кайра иштетип, 13 тн таза була алынат.

“Ак-Текс” пахта заводунун негизги артыкчылыгы дыйкан фермерлерди эрте жазда март-апрель айларында пахтанын сапаттуу үрөнү менен полиэтиленовый пленка, минералдык жер семирткич, ядохимикаттар менен камсыздайт.

Бул кластердик ыкма менен алдын ала кредиттөө болуп эсептелет жана пайызы жок, жеңилдетилген шартта дыйкандар паспорту, үлүш жеринин күбөлүгү менен алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

2021- айыл чарба жылында 380 субьектке, 500 гектар аянтта 10 млн сом каржылоо жүргүзүлгөн, ал эми 2022-жылы 410 субьект, 600 гектар аянтта 12 млн сом менен алдын ала кредиттөө жүргүзүлгөн.

Show More
Back to top button