Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Коштоочу документтери жок 350 баш бодо мал кармалып тургандыгы аныкталды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Коштоочу документтери жок 350 баш бодо мал кармалып тургандыгы аныкталды

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматка 2022-жылдын 16-декабрында Панфилов районунун Чалдыбар айыл аймагынын Исмаилов № 29/1 көчөсүндө жайгашкан мал сарайда коштоочу документери жок аткезчилик (контрабанда) жолу менен кирген малдар камалып тургандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Жергиликтүү ветеринардык кызматкерлер аталган маалыматты ыкчам түрдө милициянын нөөмөт бөлүмүнө билдирип, аларды чакырган.

Жеринен аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары – ИИМ) тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте жогорудагы көрсөтүлгөн дарекке барган учурда, Казакстан Республикасынын келген биркасы жана эч бир коштоочу документтери жок 350 баш бодо мал, мал сарайда кармалып тургандыгы аныкталган. Панфилов райондук ветеринардык башкармалыктын кызматкерлери тарабынан акты түзүлүп ИИМдин тиешелүү кызматкерлерине иликтөө үчүн өткөрүлүп берилген.

Show More
Back to top button