Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
3,5 миллион даанага жакын көчөт жазгы сезонго даярдалды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

3,5 миллион даанага жакын көчөт жазгы сезонго даярдалды

Ургалдуу багбанчылык азыркы учурда дүйнө жүзүндө өтө тез өнүгүп жаткан айыл чарба багыты. Мезгил талабы болгон багбанчылыктын бул түрүн өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасында көчөт өстүрүүчүлөрдүн ролу жогору.

Республикадагы багбандар көчөт өстүрүп иш алып барып жаткан 100 гө чукул жеке менчик питомниктер бар. Алардын арасынан көчөттөрдү өстүрүүгө материалдык техникалык базасы, аянттары талапка жооп берген 10 ири питомник тандалып, текшерилип мөмө-жемиш жана декоративдүүөсүмдүктөрүнүн отургузуу материалдарын өндүрүү боюнча экинчи группадагы үрөнчүлүк чарба макамын ыйгаруу боюнча иштер жүргүзүлүп 10 чарба жогоруда айтылган макамга ээ болуп, дагы 4  кайрылган чарбалардын иш – кагаздары  даярдалууда.

  1. КФХ «Асатулла Ата»
  2. Семеноводческое хозяйство“Достук”
  3. СХК “Арпасай Береке багы”
  4. КФХ «Таара»
  5. СХК “Барскоонский плодопитомник”
  6. ОсОО “Узак Групп”
  7. ИП “Окенов Марат Таалайбекович”
  8. ИП «Джапаров Шарше»
  9. КФХ “Бекхан Агро”
  10.  ИП «Никита»

Мѳмѳ жана жемиштердин отургузуу материалдарын ѳндүрүүчү үрѳнчүлүк чарбалардагы кийинки 2024-жылкы жазгы сезонго даярдалган көчөттөрдүн саны – 3 316 120 даананын тегерегинде. Мисалга алсак Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин  2023-жылдын 1-сентябрына карата республикага импорттолуп келген көчөттөр боюнча маалыматынын негизинде импорттолуп келген  жалпы көчөттөр 8 306 766 даана,  анын ичинен  мөмө-жемиштер 5610907 даана болсо, декоративдүү 2 695 859 даана. Бул кѳрсѳткүч атайын макамы бар үрөнчүлүк чарбаларда өстүрүлүлгөн көчөттөрдүн  жалпы санынан  2,5 эсе көп.

Show More
Back to top button