Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба министри А.С. Джаныбеков Ысык-Көл облусунун тиешелүү жетекчилери менен айыл чарба тармагындагы маселелер, аткарылган иштер жана алдыдагы пландар тууралуу жыйын өткөрдү. – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба министри А.С. Джаныбеков Ысык-Көл облусунун тиешелүү жетекчилери менен айыл чарба тармагындагы маселелер, аткарылган иштер жана алдыдагы пландар тууралуу жыйын өткөрдү.

Бүгүн, 20-ноябрда Айыл чарба министри А.С. Джаныбеков Ысык-Көл облусунун тиешелүү жетекчилери менен айыл чарба тармагындагы маселелер, аткарылган иштер жана алдыдагы пландар тууралуу жыйын өткөрдү.
Жыйынга министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчылары катышты.
Анда келе жаткан жаз мезгилинде сууну дыйкандарга үзгүлтүксүз жеткирип берүү, сугат каналдарды оңдоо жана реконструкциядан өткөрүү боюнча иштер талкууланды. Мындан сырткары, климаттын өзгөрүү шартында бак-дарактарды көбөйтүү, мал союлуучу жайлардын жана мал базарлардын абалы, санитардык талаптардын аткарылышы, эреже бузуулар, ошондой эле дыйкан, фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча сөз болду.
Жыйындын аягында министр А.С. Джаныбеков тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Show More
Back to top button