Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков маалымат жыйында Катар мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапары тууралуу кеңири айтып берди. – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков маалымат жыйында Катар мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапары тууралуу кеңири айтып берди.

Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков маалымат жыйында Катар мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапары тууралуу кеңири айтып берди. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы айыл чарба кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир нече документтерге кол коюлган.

Министр белгилеген биринчи маанилүү документ Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы ветеринария тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу болду. Макулдашуу ветеринардык кызматтардын өз ара аракеттенүсү, тажрыйба алмашуу жана эки өлкө ортосундагы алдыңкы технологияларды өткөрүп берүү үчүн жаңы жолдорду ачат. Ошондой эле малдын ылаңдарына көзөмөлдү күчөтүүгө жана мал чарба азыктарынын коопсуздугун камсыз кылууга жардам берет.

Экинчи документ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Катар Мамлекетинин муниципалитетинин министрлигинин ортосундагы өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу болуп саналат. Министр белгилегендей, бул макулдашуу өсүмдүктөрдү зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо жаатындагы биргелешкен аракеттерге, ошондой эле айыл чарба карантиндик иш-чараларды өнүктүрүүгө багытталган. Бул Макулдашуу айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн деңгээлин жогорулатууга жана анын сапатын жана коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт.

Министр билдирген үчүнчү маанилүү документ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Катар Мамлекетинин муниципалитетинин министрлигинин ортосундагы айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум болуп саналат. Джаныбеков белгилегендей, бул меморандум айыл чарба тармагында кызматташуунун жаңы горизонтторун ачат, анын ичинде тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, айыл чарба технологияларын өнүктүрүү жана эки өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоону  жогорулатуу.

Министр кол коюлган документтер Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосундагы Айыл чарба кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин баса белгиледи. Алар өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана алдыңкы технологиялар үчүн жагымдуу негизди түзөт. Министр бул документтер экономикалык өнөктөштүктүн бекемделишине алып келип, айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында эки өлкөнүн өркүндөшүнө өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдирди

Show More
Back to top button