Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Өлкөдө 90 миң гектардан ашуун жерге зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иш-чаралары жүргүзүлдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Өлкөдө 90 миң гектардан ашуун жерге зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иш-чаралары жүргүзүлдү


Зыяндуу чегирткелер жыл сайын республикабыздын айыл чарбасына, экономикасына, социалдык жашоосуна потенциалдуу коркунуч туудуруп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуусуна коркунуч жаратып келет.


2023-жылы зыяндуу чегирткелердин биринчи чыгышы 1-апрелде Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катталган (былтыркы жылга салыштырмалуу 10 күнгө эрте).


ӨХККР адистери жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте чегирткелердин личинкаларын табуу боюнча 90 780 га айыл чарба жерлерине изилдөө иштери жүргүзүп, анын ичинен чегирткелер табылган аянт 63 950 га, иштетилген аянт 63 010 га түзгөн.

  • Жалал – Абад облусунда – 14 000 га,
  • Баткен облусунда – 17 600 га,
  • Ош облусунда – 6500 га,
  • Чүй облусунда – 4380 га
  • Нарын облусунда – 20 530 га.

2023-жылдын 30-августуна карата зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иш-чараларды аяктады.

Show More
Back to top button