Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Чолпон-Ата шаарында «Бактериалдык күйүк оорусуна каршы күрөшүүнүн тартиби» аталышындагы аймактык семинар өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Чолпон-Ата шаарында «Бактериалдык күйүк оорусуна каршы күрөшүүнүн тартиби» аталышындагы аймактык семинар өттү

2021-жылдын 21-апрелинде,  Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги УИАнын Э. Гареев  атындагы Ботаникалык бак илимий-изилдөө институту менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Бактериалдык күйүк  оорусуна каршы күрөшүүнүн тартиби» аталышындагы аймактык семинар өткөрдү.

Семинарда мөмөлүү  өсүмдүктөрдүн  бактериалдык күйүк  оорусуна каршы күрөшүү чаралары жөнүндө илимий изилдөөлөр  туурасында маалымат берүү менен алманын жана алмуруттун бактериалдык күйүк  оорусуна туруктуу сорттору жана бактериалдык күйүк  оорусу учурунда агротехникалык иш-чараларды өткөрүү эрежелери менен тааныштырылды. Ошондой эле,  семинардын катышуучуларына мөмөлүү бактарды өстүрүүчү кеңештер берилди.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button