Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
КУЛАКТАНДЫРУУ – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

КУЛАКТАНДЫРУУ

Товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине

каттоого арыздарды кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги кампа ээлерине кампалардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрине (БМР) каттоого арыздарды кабыл алууну Кыргыз Республикасынын “Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө” 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 40 Мыйзамынын 3 беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” 2019-жылдын 30-июлу № 377 токтомуна ылайык жарыялайт.

  • Арыздын формасы жана каттоо үчүн зарыл болгон документтер Товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо көрсөтүлгөн.
  • Кампалардын класстарына карата талаптар жана башка документтер менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтынан шилтемелер боюнча таанышсаңыз болот: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111772, http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/14984
  • Кыргыз Республикасынын “Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө” 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 40 Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” 2019-жылдын 30-июлу № 377 токтому;
  • Жөнөкөй жана коштолгон кампа күбөлүктөрүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо;
  • Товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо;
  • Товардык кампалардын классына талаптар;
  • Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бланктарын сатып алуу, сактоо жана жок кылуу жөнүндө жобо;
  • Товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн жыйымдарды төлөө тартиби;
  • жөнөкөй кампа күбөлүгүнүн бланкынын формасы жана коштолгон кампа күбөлүгүнүн бланкынын формасы.

Кампаларды БМРде катоо үчүн арызды жана керектүү документтерди Айыл чарба министрлигине Бишкек ш., Киев көч., 96б, 309-кабинет дареги боюнча же электрондук түрдө: vs.cds@agro.gov электрондук почтасына жөнөтүү керек.

  • Ошондой эле, импорттоочулар – азык-түлүк товарлары (кант, өсүмдүк майы), карыз алуучулар жана айыл чарба продукцияларын БМ реестрине киргизилген кампаларда сактаган адамдар “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорлорун каржылоосуна катышууга мүмкүнчүлүгү бар.

Суроолор боюнча телефондор: 623682, 0701833855

Show More
Back to top button