Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Быйылкы жылдын жазгы себүүсүнө кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү 83,3 пайызга камсыздалды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Быйылкы жылдын жазгы себүүсүнө кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү 83,3 пайызга камсыздалды

2024-жылдын жазгы себүүсүнө жалпы 67,2 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрү керектелсе, анын 56,0 миң тонна үрөнү топтолуп, башкача айтканда 83,3% камсыз болду. Жетпеген үрөндөр Россия Федерациясынан келген үрөндөр менен жана дотация системасы аркылуу камсыздалат, анткени дотация системасы аркылуу 2020-2023 жылдары 30 пайыз арзан баада 7,7 миңден ашык дыйкан 10,0 миң тонна үрөн алышкан. Учурда жалпы аянттын 30,0 пайызын ата-мекендик сорттор  ээлейт.

Үрөн чарбалар сертификатталган үрөндөргө болгон жалпы муктаждыктын 15-20 % өндүрөт. Бүгүнкү күндө биз 50 % жүгөрү, 100 % кант кызылчасынын үрөнүн жана 90 %дан ашык жашылча үрөнүн импорттойбуз.

Жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте экспорттук потенциалды арттыруу максатында чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жүгөрү, буурчак, беде, пахта, жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү пландалууда.

Министрликтин фермерлерди сапаттуу үрөн менен камсыздоодо максатындагы иштери:

Элиталык репродукциядагы күздүк буудайдын баасы 60,13 сом болсо, жогорудагы буйрукка ылайык 36,08 сом, С1 репродукциясы 53,43 сом 32,06 сомду түздү.

Жаздык буудайдын Элиталык репродукциясы 50,30 сом болсо, 30,18 сомго, С1 репродукциясы 50,25 сом 30,15 сомду түздү.

Жазгы арпа репродукциясы Элита 58,95 сом болсо, 35,17 сомго, С1 репродукциясы 52,20 сом 31,32 сомду түздү.

Күн караманын Элита репродукциясы 399,57 сом болсо, 199,79 сомду, С1 репродукциясы 281,91 сом 140,96 сомду түздү.

Эспарцеттин репродукциясы С1 112,31 сом болсо, 56,16 сомду түздү.

С1 соянын репродукциясы 90,74 сом болсо, азыр 45,37 сом.

Буурчак репродукциясы С1 61,82 сом болсо, азыр 30,91 сом.

Беде репродукциясы С1 632,39 сом болсо, азыр 316,20 сом..

Show More
Back to top button