Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Лейлек району боюнча мамлекеттик ирригация тармактарын 2022-жылдын сугат мезгилине өз убагында даярдоо – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Жаңылыктар

Лейлек району боюнча мамлекеттик ирригация тармактарын 2022-жылдын сугат мезгилине өз убагында даярдоо

Лейлек району боюнча мамлекеттик ирригация тармактарын 2022-жылдын сугат мезгилине өз убагында даярдоо максатында Арка насостук станциялар каскадында (АКНС) төмөнкү жумуштар аткарылды.
АНС-1 насостук станциясында 4 электр кыймылдаткыч, 4 насос оӊдоодон өткөрүлдү.
АНС-2 насостук станциясында 3 электр кыймылдаткыч, 3 насос оӊдоодон өткөрүлүп, 1 насостук агрегат жаӊыланды.
АНС-3 насостук станциясында 3 электр кыймылдаткыч, 3 насос оӊдоодон өткөрүлүп, 1 насостук агрегат жаӊыланды.
АНС-4 насостук станциясында 3 электр кыймылдаткыч, 4 насос оӊдоодон өткөрүлдү.
Суу пайдалануучулардан сугат сууга өтүнмө (заявка) 2022-жылдын 8-апрелинде түшүп, бир насостук агрегаттан суу берилди.
2-насостук агрегаттан 15-апрелде саат 18-00да түшкөн өтүнмөнүн негизинде суу саат 19:30 да берилди. 3-насостук агрегат суу пайдалануучулардын өтүнмөсүнө ылайык суу берүүгө даяр.
Массалык маалымат каражаттарына чыккан видеотасма боюнча жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө сугат сууга болгон өтүнмөнүн негизинде суу пайдалануучуларга суу үзгүлтүксүз берилүүдө жана дыйкандар тарабынан нааразычылыктар жок экендигин билдиребиз.

Show More
Back to top button