Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Түп райондорунда жергиликтүү фермерлерге арналган “Талаа күн өткөрүлдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Түп райондорунда жергиликтүү фермерлерге арналган “Талаа күн өткөрүлдү

2021-жылдын 9- июлунда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Түп райондорунда Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги талаа күн өткөрдү. Талаа күнгө министр А. Джаныбеков, министрликтин тиешелүү адистери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана дыйкан-фермерлер катышты.

Талаа күндү өткөрүүнүн негизки максаты Жети-Өгүз жана түп районундорундагы экспортко багытталган экологиялык таза мөмө-жемиш бактарды өстүрүүнүн алдыңкы технологияларын жайылтуу менен анын өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү жана тамчылатып сугаруу иштеринин жүрүшү менен фермерлерди таанышыштыруу менен сууну үнөмдүү пайдалануга чакыруу.

Мындан сырткары “Raincatcher Plus” компаниясы француз адистеринин жардамы менен Кыргызстанда ийгиликтүү сыналган азык-түлүк “Reinсаtcher” гидрогели жөнүндө фермерлерге маалымат берилип, практика жүзүндө көргөзүлдү.

Raincatcher гидрогели – органикалык азотту камтыган, сугарууну жана жамгыр суусун өзүнө сиңирип, өсүмдүктөрдүн азыктануусу үчүн топуракта жана субстраттарда сууну топтогон органикалык суперабсорбент (акрилаттын жана калий акриламидинин саполимери). Табигый антропогендик шарттарга жараша үч жылдан беш жылга чейин иштейт. Белгилей кетүүчү нерсе, кыргыз гидрогелинин сапаты америкалык жана кытайлык гидрогелдерге караганда бир топ жогору жана алардан айырмаланып, өсүмдүктөргө уулуу болгон натрий элементин камтыбайт, ал бардык жагынан коопсуз жана өз алдынча – Эл аралык лабораториялар анын коопсуздугун жана өсүмдүк продуктуларында издердин жоктугун тастыкташкан, ошондуктан аны органикалык өндүрүштө колдонуу боюнча мөмө-жемиш өстүргөн фермерлерге сунушталды. Компания Кыргызстандын ар кайсы аймактарында бир катар ийгиликтүү сыноолорду өткөрүп, учурда аны ар кандай өсүмдүктөрдө колдонууну сунуштап жатат. Жакынкы Чыгыш, Австралия ж.б. коңшу мамлекеттер Өзбекстан менен Казакстанда бул гидрогелге чоң кызыгууларын арттырууда.

Министр А.Джаныбеков: “Суу менен камсыздоонун учурдагы абалын эске алганда жана жакынкы жылдары эмне болору белгисиз ,Министрлик мындай технологияларды тартууга кызыкдар жана жаңы технологияларды сунуш кылган өндүрүүчүлөрдү ар тараптан колдоого аракет кылып жатабыз, -деди ал.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button