Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантинге алынуучу продукциянын импорту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Карантинге алынуучу продукциянын импорту

2023-жылдын 21-27-апрелине карата карантинге алынуучу продукциянын импорту 15 миң 581,7 тоннаны түзгөн.

  1. Чүй облусуна 7 миң 156,7 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана ушул импорттолуп келген продукцияларга 214 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы түзүлгөн. Башка продукцияларга салыштырмалуу көбүрөөк цитрус тропикалык жемиштер – 1025,6 тонна Эквадор, Турция, Иран өлкөлөрүнөн жана көчөттөр – 28500 даана Өзбекстан, Италия, Турция өлкөлөрүнөн импорттолуп келген.
  2. Ошоблусуна 4 миң 103,4 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 629 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу көбүрөөк жашылча-жемиштер 2410,4 тонна Өзбекстан, Түркменистан өлкөлөрүнөн импорттолуп келген.
  3. Нарын облусуна 1 миң 396 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген. Башка продукцияларга салыштырмалуу көбүрөөк жаңгактар 782,4 тонна Кытай мамлекетинен импорттолуп келген.
  4. Жалал-Абад облусуна 1 миң 710,6 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 15 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу көбүрөөк азык-түлүк буудайы 840 тонна Россия өлкөсүнөн импорттолуп келген.
  5. Баткен облусуна 590 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 40 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу, көбүрөөк жашылчалар 473 тонна Өзбекстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.
  6. Талас облусуна 171 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана 6 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу, көбүрөөк ун 100 тонна Казакстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.
  7. Ыссык-Көл облусуна 454 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана 4 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл акстысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу, көбүрөөк азык-түлук буудайы 210 тонна Россия өлкөсүнөн жана 402 050 Беларусь, Польша өлкөлөрүнөн импорттолуп келген.
Show More
Back to top button