Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба министрлиги асыл тукум малдардын породаларын райондоштурууну сунуштайт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба министрлиги асыл тукум малдардын породаларын райондоштурууну сунуштайт

Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министирлиги мал чарбасын сандан сапатка өткөрүү максатында, республиканын климаттык шартына ылайык асыл тукум мал чарбасын райондоштурууну сунуштайт. Асыл тукум малдарды туура райондоштуруу экономикалык жактан пайдалуу жана дыйкан, фермерлердин натыйжалуу киреше табуусуна зор мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

Учурда сырттан Кыргызстандын климатына ылайык келбеген малдардын породалары кирип жаткандыгын да кездештирүүгө болот.

Төмөндө породаларды туура райондоштуруунун тизмеси түзүлгөн:

Ири мүйүздүү мал боюнча:

Алатау, абердин-ангус, герефорд, буро-швиц тукумдарын республиканын бардык облустарда  көбөйтүү сунушталат.

Талас облусунда аулиэатин  тукуму артыкчылыктуу болуп саналат, ал эми Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарына симментал породасы ылайыктуу.

Голштиниз тукуму Чүй, Жалал-Абад, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Токтогул райондорунда жана Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда жакшы адаптацияланат.

Топоз боюнча:

Айкол тукуму  Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарында артыкчылыктуу болуп саналат, ал эми кыргыз тукуму Баткен аймагына ылайыкташкан.

Кой боюнча:

Гиссар, “Арашан” кыргыз эт-май тукуму  республиканын бардык аймактарында сунушталат.

Кыргыз мериносу Талас, Чүй,  Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Жалал-Абад аймактарында жогорку жыйынтыктарды берди.

Көп төл берүүчү койлордун тиби Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Нарын облустарында жакшы жыйынтыктарды берет.

Айкөл тукуму Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарында өстүрүлөт.

Алай тукуму Ош облусуну ылайыкташкан.

Эчки боюнча:

Баткен районунда кыргыз тыбыт тукуму жана кыргыз жүндүү породасындагы эчкилер, ал эми Чүй облусунда эчкинин сүтүү тиби жакшы жыйынтыктарды берүүдөө.

Жылкы боюнча:

Англис тукуму жылкы породалары өлкөнүн бардык аймактарында көбөйтүү сунушталат.

Чүйдүн, Ысык-Көлдүн жана Нарындын облустарында  орус таскак  тукумун, ал эми Талас, Чүй, Ысык-Көл аймактарында дон породасын өстүрсө болот.

Урматтуу фермер жана малчылар! Мал чарбачылыгы жаатында сапаттуу кайра түзүү үчүн, жогорудагы маалыматтарды сактап, жетекчиликке алууңузду, башкача айтканда, жеринде тукумдарды райондоштуруу ыкмасын киргизүүнү өтүнөбүз.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button