Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба министрлигинин кезексиз коллегиясы өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Айыл чарба министрлигинин кезексиз коллегиясы өттү

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын II жарым жылындагы ишмердигинин жыйынтыгы, ошондой эле Ветеринардык кызматтын жана Ветеринардык дары-дармек, тоют кошулмаларын регистрациялоо жана сертификациялоо департаментинин 2023-жылдын январь-ноябрындагы ишмердиги боюнча 2023-жылдын 22-декабрында кезексиз коллегиясы өттү.

Коллегияга Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары, Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Ветеринардык кызматтын борбордук аппаратынын, райондук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, лабораторияларынын жетекчилери жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты. 

Күн тартибинде мал базарлардагы, чуңкуру жаатындагы, ветеринардык аптекаларда орун алган кемчиликтер жана эпизоотиялык абалды камсыздоо менен малдарды идентификациялоо иштериндеги кемчиликтер талкууланып, 2023-жылдын 11 айында тамак-аш коопсуздугун, эпизоотиялык амандыкты жана ветеринардык көзөмөлдү камсыздоо жаатында аткарган иштери жана алдыдагы милдеттерди ишке ашыруу тапшырылды.

Show More
Back to top button