Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Республика боюнча 58 миңден ашык уй жасалма жол менен уруктандырылды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Республика боюнча 58 миңден ашык уй жасалма жол менен уруктандырылды

Бүгүнкү күндө республика боюнча 264 жасалма уруктандыруу пунктары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. 2023-жылдын II кварталына карата 58 037 баш уй-кунаажын уруктандырылды. Бул көрсөткүч 2022-жылдын II кварталына салыштырмалуу (57 340) 697 башка көп уруктандырылды.
2023-жылдын май айында USAID жана Ага-Хан фонддорунун жардамы менен Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарында 26 техник-уруктандыруучулар окутулуп, тиешелүү жабдуулар менен камсыздандырылды.


Департамент тарабынан берилген сунуштардын негизинде Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында Агробизнестин атаандаштыка жөндөмдүлүк борбору Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Сүт өндүрүүнү комплекстүү жогорулатуу” долбоорун ишке ашырууда тандалып алынган 70 техник уруктандыруучуларына кайрадан окуу курстары өткөрүлдү (Нарын – 19, Талас – 16, Ысык-Көл – 35). Аталган долбоор техник уруктандыруучуларды Казакстан Республикасынын “Асыл-Түлүк” асыл тукум борборунан (17.9 миң доза) жана Россия Федерациясынын Москва облусунун Московья асыл тукум фермасынан (9.0 миң доза күрөң щвиц, симментал, голштинофриз) алынган уруктук материалдар менен камсыздап келет.
Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий изилдөө институтуна КОРIA уюму тарабынан 3000 доза голштинофриз породасындагы жогорку сапаттагы букалардын уруктары алынып келип, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарынан пилоттук техник уруктандыруучулар тандалып алынып, уйлардын генетикалык потенциалын жана сүттүүлүгүн жогорулатуу максатында акысыз уруктук материалдар таратылып берилип, уруктандыруу иштери жүргүзүлүп жатат.


Ошондой эле Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы техник уруктандыруучуларды Урал асыл тукум сервисинен, Узбекстан Республикасынын “Oznaslchilil” асыл тукум борборунан келген уруктук материалдар менен камсыздап келет. “Элита” станциясы 2023-жылдын 1-январынан 1-июлуна чейин 3562 кг суюк азот өндүрүп, региондордогу техник уруктандыруучуларды суюк азот менен камсыздап келүүдө.


2023-жылдын февраль айында Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында «Өстүрүлүп жаткан ири мүйүздүү малдардын азыктуулугун жана генетикалык потенциалын жакшыртууда жасалма жол менен уруктандыруунун мааниси» аталышында семинар уюштурулуп, аталган облустун жетекчилери, райондордун акимдери, мал чарба адистери жана техник уруктандыруучулар катышкан окуу семинар өткөрүлдү.


USAID жана Ага-Хан фонддору тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районуна – 6, Өзгөн районуна – 5, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна – 5, Аксы районуна – 5 жана Нарын облусунун Нарын районуна – 5 комплект (республика боюнча 26 комплект) ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандыруу боюнча шаймандар берилди. Токтогул районунун айыл өкмөттөрү тарабынан техник уруктандыруучуларга 6 комплект жасалма уруктандыруу шаймандар сатылып берилип жана 7 техник уруктандыруучу Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институнун Биотехнология лабороториясынын базасында окуу курсунан өтүп, сертификаттар берилип, учурда иштеп жатышат.


Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 10 «Региондогу Ветеринардык кызматы менен бирдикте жасалма уруктандыруу иштерин алып баруу» протоколу боюнча Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын райондоруна жасалма уруктандыруу иштери боюнча райондук ветеринардык кызматтын жетекчилери менен бирдикте иштебей жаткан жасалма уруктандыруу пункттарын такталып жана аларды ишке киргизүү боюнча иштер алып барылууда.
Ноокен, Сузак жана Кадамжай райондорунун техник-уруктандыруучуларынын билим деңгээлин жогорулатуу максатында жасалма уруктандыруу боюнча окуу курстары өткөрүлдү.
Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө инстиутунун базасында Корея Республикасынын КОРIA уюму менен бирдикте өткөрүлгөн семинарда «Кыргыз Республикасында асыл тукум ири мүйүздүү малдардын асылдуулугун жакшыртуу үчүн биотехнолгоиялык ыкмаларды колдонуу” аталышында Департаменттин адистери тарабынан окутуу өткөрүлдү.

​Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-октябрында № 502 токтомун ишке ашырууда үчүнчү өлкөлөрдөн асыл тукум өндүргүч букалардын уруктарын алып келген дистрибьтордук борборлордун ишмердүүлүгүнө анализ жүргүзүү максатында Сокулук районунун жеке чарбаларына барып, Швейцария мамлекетинен алынып келинген щвиц тукумундагы өндүргүч букалардын уруктары менен жасалма уруктандыруу жолу менен алынган музоо жана кунаажындар жеринде көрүлдү, ташылып келинген уруктук материалдардын пайдаланышы боюнча мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын бажы органдарына жиберилди.

Show More
Back to top button