Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Талас облусунда “Арашан” породасындагы койлордун көргөзмөсү өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Талас облусунда “Арашан” породасындагы койлордун көргөзмөсү өттү

2021-жылдын 11-сентябрында, Талас районундагы Э.Кутманалиев атындагы стадионунда Кыргыз Республикасынын Айыл, суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен “Арашан” асыл тукум эт багытындагы койлордун биринчи көргөзмөсү болуп өттү.

Көргөзмөнүн максаты асыл тукум кой чарбасын популяризациялоо, тажрыйба алмашуу болгон. Көргөзмөдө асыл тукум койлордун салмагы боюнча биринчиликти селекционер фермер А. Рахманкулов (койдун тирүүлөй салмагы боюнча 181 кг), экинчи орунду фермер Жайлобек уулу Бактияр (койдун тирүүлөй салмагы боюнча 133 кг) алды. Ал эми фермер К.Бокоевдин 1 метр 5 см асыл тукум кочкору бийиктиги боюнча биринчиликке чыкты.

Show More
Back to top button