Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
AFoCO Токой кызматы менен биргеликте он жылдык иш планын иштеп чыгат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

AFoCO Токой кызматы менен биргеликте он жылдык иш планын иштеп чыгат

Үстүбүздөгү жылдын 16-мартында Корея Республикасынан Кыргызстанга токой чарбаларынын токой үрөндөрүн жыйноо жана сактоо, көчөттөрдү  өстүрүү боюнча иштеринин уюштурулушу менен жеринен таанышуу максатында Азия токой секторундагы кызматташтык уюмунун өкүлдөрү-токой генетикасы жана бак-дарактарды селекциялоо лабораториясынын профессору Канг Кюсок, долбоордун менеджери Чой Сонгхо жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана гендердик саясат боюнча адис Айдай Жумашева келишип, Фрунзе жана Чүй токой чарбаларында болушту.

 AFoCO Фрунзе токой чарбасынын аймагында эл аралык стандарттарга ылайык заманбап үрөн сактоочу жайды куруу, ошондой эле токой чарбаларында туруктуу токой үрөн участокторун түзүү боюнча Токой кызматына колдоо көрсөтүүгө пландалууда. Бул максаттарга жетүү үчүн  AFoCO Токой кызматы менен биргеликте он жылдык иш планын иштеп чыгат. Бул кызматташуунун биринчи этабы болот. Экинчи фазада токой үрөн участокторунан жыйнала турган, үрөн сактагычта бардык техникалык талаптарга ылайык сактала турган үрөндөрдөн өстүрүлгөн көчөттөр менен токой отургузууну ишке ашыруу пландаштырылууда.

AFoCOнун өкүлдөрү дени сак дарактарды өстүрүү үчүн көчөттөрдүн өнүмдүүлүгүн жогорку деӊгээлде камсыз кыла турган сапаттуу үрөндөр зарыл экенин өзгөчө белгилешти.

Эскертүү: 2015-жылдын 10-декабрында Корея Республикасынын Сеул шаарында кол коюлган токой секторунда кызматташтык боюнча Азия уюмун (AFoCO) түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2022-жылдын 1-августунда кол коюлган.

Show More
Back to top button