Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Эл аралык практик адистер ветеринардык лабораториялардын кызматкерлери үчүн тренинг өтүүдө – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Эл аралык практик адистер ветеринардык лабораториялардын кызматкерлери үчүн тренинг өтүүдө

Ветеринардык лабораториялардын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу максатында, 2021-жылдын 13-сентябрынан 23-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү минирлигинин Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан эл аралык консультант-адистер чакыртылган. Германиядан келген ветеринар адистер практикалык окууларды өткөрүү менен Бишкек жана Каракол шаарларындагы ветеринардык диагностика жана экспертиза борборлорундагы жаныбарлардын жугуштуу илдеттерине каршы изилдөөлөрдү анда иштеген кызматкерлер менен чогуу жүргүзүштү.

Кошумчалай кетсек, немис адистеринин иш сапары учурунда ISO 17025-2017 эл аралык стандартына ылайык практикалык тренингдер өткөрүлөт, анын биринчи баскычтары апрель-июль айларында онлайн режиминде өткөрүлгөн.

Каракол жана Балыкчы шаарларындагы борбордук жана зоналык ветеринардык лабораториялардын кызматкерлерине немис ветеринарлары Роланд Коербер жана Тилман Куен тренинг өткөрөт.

Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин колдоосу астында Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашууда.

Show More
Back to top button