Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кунарсыз жайыттарга үрөндөрдү себүү боюнча окутуулар өтүүдө – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кунарсыз жайыттарга үрөндөрдү себүү боюнча окутуулар өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги №202-тескемесин аткаруу максатында, Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин 17-августундагы №5-к буйругу чыгып, Республиканын кунарсыз жайыттарына жайыт чөптөрдүн үрөндөрүн себүү боюнча окутуулар өткөрүлүүдө.

Окуу семинарга Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын адистери, Жайыт комитеттердин төрагалары, Айыл Өкмөт башчылар катышышты.

Буга чейин республика боюнча кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында Орусиядан 99 тонна 500 кг жайыт үрөнү сатып алынып, анын ичинен 94 тонна 490 кг жайыт үрөнү жалпысынан 10 000 гектар аянтка себүү үчүн облустарга бөлүнүп берилген.

Ал эми жайыт үрөндөрүн өзүбүздө өндүрүү үчүн 5, 010 кг жайыт үрөнү үрөңчүлүк чарбаларга бөлүндү.

Аймактарга бөлүнүп берилген жайыт үрөндөрүн туура себүү боюнча окутуулар график боюнча жүргүзүлүп жатат.

Show More
Back to top button