Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Достук айыл өкмөтүндө полиэтилен түтүктөрүн орнотуу иштери жүргүзүлүүдө – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Достук айыл өкмөтүндө полиэтилен түтүктөрүн орнотуу иштери жүргүзүлүүдө

Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүндө “Кунарсыз муниципалдык токойлорду калыбына келтирүү” подкомпонентин алкагында 4,5 км узундуктагы полиэтилен түтүктөрүн орнотуу иштери жүрүп жатат.

Түтүктөрдү орнотуу иштери сугат суусу менен камсыз кылуу жана 300 гектарга жакын кунарсыз муниципалдык участокторун өздөштүрүү максатында жүргүзүлүүдө, ал жерде алча (гилас) багын түзүү пландаштырылууда. Учурда 133 гектарга алча (гилас) көчөттөрү отургузулуп бүтсө, калган 167 гектары жазында отургузулат. Бул максаттар үчүн “КРда Токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоору тарабынан 25 512 алча (гилас) көчөттөрү сатылып берилди.

Белгилей кетсек, кунарсыз муниципалдык токойлорду калыбына келтирүү иштери 6 пилоттук айыл өкмөттүн аймагында жүргүзүлүүдө:

1. Онбир-Жылга АӨ, Чүй району, Чүй облусу;

2. «Достук» АӨ, Ноокен району, Жалал-Абад облусу;

3. Чолпон-Ата АӨ, Токтогул району, Жалал-Абад облусу;

4. Бел-Алды АӨ, Токтогул району, Жалал-Абад облусу;

5. Жаңы-Жол АӨ, Токтогул району, Жалал-Абад облусу;

6. Ничке-Сай АӨ, Токтогул району, Жалал-Абад областы.

Буга чейин, Долбоор тарабынан 14,5 миллион сомго кичи айыл чарба техникасы, 14,5 миллион сомго муниципалдык участоктокторун тосуу үчүн материалдар, 29,6 миллион сомго тамчылатып сугаруу системалары, 136 миңден ашык мөмө-жемиш жана токой өсүмдүктөрүнүн көчөттөрү берилген. Ал эми, тосмолорду жана тамчылатып сугаруу системаларын орнотуу, көчөттөрдү отургузуу иштерин жергиликтүү коомчулук өз мойнуна алган.

Аткарылган иштердин натыйжасында 600 гектардан ашык аянтта мөмө-жемиш бакчалары жана плантациялар түзүлөт.

Show More
Back to top button