Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
ЭСКЕРТҮҮ: Чек арадагы контролдук-өткөрмө пункттарда көзөмөл күчөтүлдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

ЭСКЕРТҮҮ: Чек арадагы контролдук-өткөрмө пункттарда көзөмөл күчөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн жана үрөндөрүн алып келүүдө өлкөнүн чек арасындагы контролдук-өткөрмө пункттарда көзөмөл күчөтүлөрүн эскертет.

“Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзамына ылайык, Республиканын аймагында, карантиндик зыяндуу организмдердин ташылып келинишинен, киришинен, жана/же жайылып кетүүсүнөн коргоо, ата-мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жана региондордо фитосанитардык абалды туруктуу сактоо максатында, фитосанитардык контролдоо пунктарында карантиндик фитосанитардык текшерүүлөр күчөтүлө баштады. 

Кыргыз Республикасынын Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу коргоо жана карантин Департаментинин 08.01.2024-жылдын №1 буйругуна ылайык, 2024-жылдын 10-январь айынан баштап, КР мамлекеттик чегарасындагы 29-фитосанитардык контролдоо пунктарында, Республиканын аймагына ташып кирүү (импорттоо) боюнча алектенген, жеке жана юридикалык жактар тарабынан, алынып кирип жаткан мөмөлүү бак дарактардын, малина, карагат жана башка мөмөлү бадалдардын көчөттөрүн, калемчелердин, процедуралык иш-кагаздарды кароо учурунда:

а) Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы Министрлигине караштуу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн экспертизалоо Департаментинин официалдуу уруксат кагазы;

б) Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы Министрлигине караштуу, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин Департаментинин:

-Өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясынын, карантиндик зыяндуу организмдер жок деген корутундусу;

-Экспорттоочу өлкөнүн фитосанитардык сертификаты жана анын негизинде Департаменттин фитсанитардык көзөмөл актысы;

-Импорттолуп кирип жаткан: мөмөлүү бак дарактардын жана башка мөмөлү бадалдардын көчөттөрүнүн, калемчелеринин сөзсүз зыянсыздандыруу (фумигациялоо) боюнча жүргүзүлгөн актысы; негиздеринде кана Республика аймагына киргизүүгө уруксат берилет.

Департаменттин кызматкерлери тарабынан аталган фито-санитардык посттордо жана жер-жерлерде фитосанитардык коопсуздукту сактабаган жана карантиндик зыяндуу организмдерди таркалуусуна жол берген, юридикалык жана жеке ишкерлерге, мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Show More
Back to top button