Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Азыркы учурда “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана 2022-жылдын 31 – майында №291 сандуу токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык жер участокторунун тизмеси жергиликтүү мамлекеттик администрация же шаарлардын мэриясы тарабынан бекитилет.
Ушуга байланыштуу, жарандарды тиешелүү укук күбөлөндүрүүчү документтер менен камсыз кылуу боюнча маселелерди ыкчам чечүү үчүн жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, мамлекет боюнча жарандардын менчик укуктарын таануу же мамлекет тарабынан бекемдөө боюнча бир гана акция өткөрүү сунушталат, алар:

  • өзү билип курулган же бүтпөгөн жеке турак үйлөр менен;
  • “сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин кабыл алынган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары укук мураскору болуп саналган органдардын сугат айдоолорун жеке турак жай курулушуна которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечимдери бар болгон;
  • “жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин которуу (трансформациялоо) жөнүндө тиешелүү чечимдер кабыл алынган жерлердин башка түрлөрү;
  • Айыл чарба өндүрүшүндө колдонууга жараксыз;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер үлүштөрүн жер участокторуна бөлүштүрүүнүн натыйжасында “айыл чарба” максаттуу багыттагы жер участокторуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар бар;
  • бакча участоктору;
    Мунапыс берүү тартибинде комиссиянын ишинин, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аймактык органдар тарабынан үймө-үй кыдыруу иштеринин жыйынтыгы боюнча иш жүзүндөгү укук ээлеринин тизмесин Коомдук маалымдоо пункттарында илүүнүн ченемдери каралган.
    Иш жүзүндөгү укук ээлеринин бекитилген Тизмесинин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы:
  • жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок, иштеп жаткан үй курулушу менен калктуу конушта жер участогун бекитүү жөнүндө чечим чыгарат;
  • жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок багбанчылык-дачалык жер участогун бекитүү жөнүндө бекитүүнү алып чыгат.
    Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жер мунапысынын объекттерине менчик укугун бекитүү жөнүндө токтому укук ээсине берилет, ал эми көчүрмөсү кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча органга берилет.
    Жобого ылайык жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча 100 миңден ашуун жаран жер участокторуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер менен камсыз болот.
Show More
Back to top button