Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Токой зыянкечтерине каршы жүргүзүлгɵн иш-чаралар – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Токой зыянкечтерине каршы жүргүзүлгɵн иш-чаралар

Жаңгак-мөмөлүү токойлордун абалын жакшыртуу, алардын зыянкечтерге болгон туруктуулугун арттыруу жана түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, токой зыянкечтерине каршы  биологиялык  “Вирин-ЭНШ” (к) препараты менен түгөйсүз жибек көпөлөгүнө (непарный шелкопряд) каршы 3120 га жана “Лепидоцид СК” биологиялык препараты менен 2580 га токой аянты дарылоодон ɵткɵрүлүп, механикалык ыкма менен түгөйсүз жибек көпөлөгүнүн 899,3 кг жумурткасы терилди.

Мындан сырткары, лабораториялык шартта пайдалуу энтомофаг кооз дуулдактардын (Сolosoma sycophanta) 1000 даанасы көбөйтүлүп чыгарылып, токой баскан аянттарга кое берилсе, 500 га токой аянттарына анастатус диспарис түгөйсүз жибек кɵпɵлɵгүнɵ каршытаратылган. 

Токой коргоо жана сактоо станциясынын токой үрөөнчүлүк лабораториясына 2022-жылдын эсебинен токой чарбалар тарабынан даярдалган 12907 кг токой үрөөндөрүнүн орточо үлгүлөрү тапшырылып, алардын класстык сапаттары аныкталып, тиешелүү күбөлүктөрү берилди.

Show More
Back to top button