Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жаздык кылкандуу дан эгиндеринин үрөндөрүн ууландыруу – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Жаздык кылкандуу дан эгиндеринин үрөндөрүн ууландыруу

Кыргыз Республикасынын аймагында кылкандуу дан эгиндеринин кара-көсө (головня) илдети дээрлик баардык облустарда кездешет. Айрыкча илдет бул жылы Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында көп тараган.

Илдет үрөн аркылуу жугат, эгерде алдын алуу иштери (үрөн ууландыруу) убагында жүргүзүлбөсө, түшүмдүн 50 % чейин жоготуусуна алып келет. Бул илдеттин таралуусун аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдында атайын жумушчу топ түзүлүп, жогоруда аталган облустарда илдетти жеринен аныктап, изилдеп, дыйкандарга кеңештер берилди.

План боюнча 2023-жылы жаздык кылкандуу дан эгиндеринин жалпы 50,24 миң тонна үрөнүн ууландыруу керек болсо, бүгүнү күндө 42,1 миң тонна ууландырылды, же пландын 84 % аткарылды.

Салыштыра кетсек, 2022-жылы план боюнча жаздык кылкандуу дан эгиндеринин жалпы 67,0 миң тонна үрөнүн ууландыруу керек болсо, 53,3 миң тонна ууландырылган, же б. а. пландын 80 % үрөн ууландыргычтар менен ууландырылган.

Show More
Back to top button