Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
23-август: Киров суу сактагычындагы суунун көлөмү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

23-август: Киров суу сактагычындагы суунун көлөмү

Өткөн жылга салыштырмалуу Талас дарыясынын бассейнинин суусу иш жүзүндө 4 эсеге аз болгон. Талас облусунун бардык райондорунда суунун аздыгына байланыштуу штабдар түзүлүп, суу керектөөчүлөрдү сугат суу менен камсыз кылуу үчүн сууну кезеги менен берүү графиктери иштелип чыккан.

Киров суу сактагычынан сугатка суу 21-апрелде бериле баштаган. Казакстан Республикасына Киров суу сактагычынан 29-апрелден баштап 15 м3/сек көлөмүндө суу бериле баштаган.

Суунун аздыгынан дарыянын нугу соолуп, апрель айында сууну кое бергенде бардык суу фильтрацияга кеткен, бүгүнкү күнгө чейин жер астындагы суулардын деңгээли көтөрүлбөйт.

Казакстан Республикасына Киров суу сактагычынан суу май, июнь айларында графикке ылайык 100 % берилип турган. Казакстан Республикасына 2023-жылдын апрель айынан сентябрь айына чейин суу берүү планы 344,7 млн.м3 түзөт. Иш жүзүндө 2023-жылдын 5-августуна карата жалпы 323.3 млн.м3 суу берилди, план боюнча 312.7 млн. м3 берилмек, аткаруу 103% түзөт.

Казакстан тараптын өтүнүчү боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-19-июлунда Чу жана Талас дарыяларынын бассейндеринде суу бөлүштүрүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, протоколго кол коюлган. Казакстан тараптын өтүнүчү боюнча Казакстан Республикасына суу берүү 45 м3/сек чейин көбөйтүлгөн. Кыргыз тарап мындай суу берүү менен Казакстан Республикасынын лимити августтун башында түгөнөөрүн эскерткен. Казакстан тарап бул шарттарга макул болду.

Бул протоколдук чечимге ылайык 5-августтан баштап Казакстанга суу берилбейт. Ошол эле учурда Киров суу сактагычына суунун агымы көбөйгөн кезде Казакстан Республикасына сууну берүү карала тургандыгы айтылган.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө суу сактагычта суунун кириши болгону 0,7 м3/сек түзөт, суунун кириши көбөйгөн жок, бул өткөн жылга салыштырмалуу 13,0 м3/сек аз. Киров суу сактагычынын көлөмү 2023-жылдын 23-августуна карата 13,4 млн.м3 түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 87,2 млн. м3 аз.

Show More
Back to top button