Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2020-жылы өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп жыюуунун жүрүшү жана күздүк айдап себүү иштерине даярдык көрүү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2020-жылы өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп жыюуунун жүрүшү жана күздүк айдап себүү иштерине даярдык көрүү

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2020-жылы жалпы айдоо аянты 1223,6 миң га түзүп, өткөн жылдан 6,9 миң га көп болду. Пайдаланылбаган  айдоо жерлердин аянты 56,6 миң га түзүп, өткөн жылга салыштырганда 6,7 миң га азайды.

2015-жылы – 90,0 миң болсо, 2016-жылы 81,9 миң га, 2017-жылы 74,8 миң га, 2018-жылы 67,3 миң га жана 2019-жылы 63,3 миң га түзгөн.

Быйылкы жылы айылдык товар өндүрүүчүлөр үрөн менен жетиштүү камсыз болушту. Ошондой эле минералдык жер семирткичтер, химикаттар, биологиялык препараттар  менен камсыздалды. Дизельдик отун майлоочу майлар жана айыл чарба техникалар менен камсыздоодо да көйгөйлөр болгон жок.

Оруп жыйноого комбайндардын   85-90 %  катышып, республика боюнча ар бир комбайн 213 гектарды түзөт.

Дыйкандар 1,0 га жердеги буудай, арпаны  оруп берүүгө түштүк облустарда 3000-4000 сомдон,  түндүк облустарда 1500 -2500 сомдон акы төлөштү. 

Айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо иштери үчүн керектелүүчү – 33,8 миң тонна дизелдик отундун 100,0 % ташылып келинди. Дизелдик отундун 1 литрине  болгон орточо баасы- 32,0-34,0 сом болууда. Бул өткөн жылдан 5-6 сомго төмөн болду.  Кол койулган өз ара түшүнүү келишимине ылайык, Нефтетрейдер Ассоциациясынын дизелдик отунду камсыздоо жана баанын жогорулашына жол бербөө  боюнча иш жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы толук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн ыкчам маалыматы боюнча, республиканын өстүрүлгөн кылкандуу дан өсүмдүктөрү толук оруп жыйналып бүтүп калды. Орточо түшүмдүүлүк 27,3 ц/га болуп, 2019-жылдын көрсөткүчүнөн 0,7 ц/га көп болду. Жалпы дүң дыйым бункердик салмакта 1290,3 миң тоннаны түзүп, ошондой эле 2019-жылдан 116,3 миң тоннага көп жыйналды.

Буудай республика боюнча  247,2 миң га оруп жыйналды (99,9%), оруп жыйноо аянты 2019- жылдын ушул мезгилине карата 16,0 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк 27,3 ц/га болуп, былтыркы жылдын деңгээлинен 0,7 ц/га көп болууда. Дүң жыйым 675,6 миң тоннаны түзүп, 2019-жылга караганда 60,9 миң тоннага көп топтолду.

Республиканын облустарынын ичинен эң жогору түшүмдүүлүккө Талас облусу жетишти, жыйналган  5,4  миң га аянттын ар бир гектарынан 31,8 ц/га түшүм алышты.

Экинчи көрсөткүч  Жалал-Абад облусунда жыйналган, 16,8 миң га аянттын ар бир гектарынан 30,0 ц/га түшүм алышты.

Үчүнчү көрсөткүч Чүй  облусунда жыйналган, 124,3 миң га аянттын ар бир гектарынан 28,9 ц/га, Ысык-Көлдө  56,9 миң га аянттын ар бир гектарынан 28,5 центнерден алынууда.

Начар көрсөткүч  Ош облусунда жыйналган,  40,1 миң га аянттын ар бир гектарынан 22,0 центнерден алынды. Мындай түшүмдүүлүккө тоолуу жана күздүк буудайдын себүүнүн жоктугу таасирин тийгизүүдө.

Арпа республика боюнча 215,9 миң га аянт жыйналып алынды, же  2019-жылга карата 11,47 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк  25,2 ц/га,  өткөн жылга карата 1,3 ц/га көп. Дүң жыйым 544,9 миң тоннаны түздү, өткөн жылга карата 55,4 миң тонна көп.

Республиканын облустарынын ичинен эң жогору түшүмдүүлүккө Чүй облусу жетишти, жыйналган 110,5 миң га аянттын ар бир гектарынан 27,0 ц/га алынды.

Начар көрсөткүч Баткен облусунда  жыйналган,  13,0 миң га аянттан ар бир гектарынан 17,8 центнердер жана Ош облусунда 20,7 миң га аянттан ар бир гектарынан 19,0 центнердерден алынды.

Жүгөрүнүн даны республика боюнча 94,7 миң га аянт жыйналып алынды, же  жыйналуучу аянтка карата  90,6 % түзүп, 2019-жылга карата 1,3 миң га көп жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк  66,6 ц/га,  өткөн жылга карата 1,6 ц/га көп. Дүң жыйым  630,2 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга карата 22,2 миң тоннага көп жыйналды.

Түшүмдүүлүк боюнча жакшы көрсөткүчтөр  Чүй облусунда, 25,0 миң га жыйналган аянттан ар бир гектарынан 70,0  центнердер алынууда, же өткөн жылга карата  5,0  ц/га көп.

 Ал эми  Талас облусунда  жыйналган  3,2 миң га жыйналган аянттан ар бир гектарынан 68,2  центнердер болуп,  өткөн жылга карата  0,6  ц/га көп.

Чанактуу өсүмдүктөр республика боюнча  60,3  миң га аянты жыйналып алынды (97,1%) түздү. Орточо түшүмдүүлүк  17,9 ц/га,  өткөн жылга карата 0,8 ц/га көп. .  Дүң жыйым 107,7 миң тоннаны түздү.

Республика боюнча картошка  63,3 миң га аянты, же 83,8 % казылып жыйналып алынып,  2019-жылга карата  6,6  миң га көп.  Ал эми  орточо түшүмдүүлүк  173,9  ц/га, же 2019-жылга салыштырмалуу 3,6 ц/га көп болууда. Натыйжада дүң түшүмү 1109,6 миң тоннаны түзүп өткөн жылга салыштырмалуу 47,71 миң тоннага көп.

Түшүмдүүлүк боюнча жакшы көрсөткүч Ысык-Көл облусунда жогору болуп, жыйналган 18,2 миң га аянттын  гектарынан  195,0 центнерден түзүп, өткөн жылдан 5,0 ц/га көп..

Начар көрсөткүч Ош облусунда жыйналган,  аянттардан 155,0 ц/га болуп өткөн жылдагыдан 2,3 ц/га төмөн.

Республика боюнча  2020- жылы жашылча өсүмдүктөрүнүн жалпы дүң жыйымы  930,4 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга карата 42,8  миң тонна көп жыйналды

Бахча өсүмдүгү республика боюнча 249,0 миң тонна жыйналды, өткөн жылга карата 9,9   миң тонна көп.

Облустардын ичинен эң жакшы көрсөткүч Жалал-Абад облусунда болуп, 272,4 миң тонна жашылча жыйнашты жана өткөн жылга салыштырмалуу 5,8 миң тоннага көп. Бахча өсүмдүктөрү да  99,9 миң тонна жыйналып, ошондой эле  өткөн жылдан 4,2 миң тоннага көп.

Май өсүмдүгү отчеттук мезгиле карата республика боюнча 11,1 миң га аянт же 56,7 %, жыйналып алынды, Орточо түшүмдүүлүк  13,9 ц/га,  өткөн жылга карата 0,7 ц/га көп. Дүң жыйым 15,4 миң тоннаны түздү.

Кант кызылчасы компаниясы жэаңы башталып бүгүнкү күнгө карата 2,2 миң га аянты жыйналды.  Орточо түшүмдүүлүк  445,0  ц/га,  өткөн жылга карата 39,4 ц/га көп;

-дүң жыйым 97,9 миң тоннаны түздү.

Былтыркы жылга караганда себүү аянты – 6,0 миң га кыскарып, же 41,6 пайыз төмөндөгөн. Анын ичинен . Чүй облусунда,  5731 га, Талас облусунда  261 га аз эгилген.

Райондор боюнча: Кара-Буурада 195 га – Ысык-Атада  2022 га, – Чүй районунда  1098 га, – Жайылда 741 га, – Кеминде  644 га – Москва, Панфилов  Сокулук райондорунда 402- 426 га аз себилген.

Кант кызылчасынын аянтынын азайышы быйылкы жылы эки завод менен дыйкандардын ортосундагы келишимдеги   бир тоннасына  төлөп берүү шарттарынын аткарылбашы болду. Бул республиканын калкын кумшекер менен толук камсыздалышына терс таасирин тийгизди.

Пахта республика боюнча  54,4 миң тонна пахтанын-буласы жыйналды.

Эл аралык пахта биржаларда пахтанын чийки затына комерциялык суроо-талап төмөн болгондуктан пахтанын себүү аянты азайуу тенденциясы байкалып, пахта 21,8 миң га эгилип,  өткөн жылга караганда  2,7 миң га, же 10,9 пайызга төмөндөгөн. Анын ичинен    Жалал-Абад облусунда  1060  га аз. Ошто 1587 га аз себилген. Райондор боюнча: Кара-Суу районунда 1354 га, Базар-Коргондо 442 га, Ноокенде 349 га,  Аксы, Араван райондорунда 233 га азайып кеткен.

Тамеки республика боюнча алдын ала божомол менен топтолгон тамеки жалбырагынын көлөмү 1,3 миң тонна, же өткөн жылга салыштырмалуу 0,2 миң тоннага көп болушу күтүлүүдө.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button