Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ак шекерди жана чийки шекерди тарифтик арзандатуу менен ташып келүү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ак шекерди жана чийки шекерди тарифтик арзандатуу менен ташып келүү

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Министрлер Кабинетинин «Кыргыз  Республикасынын аймагына убактылуу тарифтик жеңилдиктерди колдонуу менен ак шекерди жана иштетиле элек камыш кантын алып келүүнүн көлөмүн бөлүштүрүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде, тарифтик жеңилдиктерди колдонуу менен ак кантты жана чийки кантты импорттоонун көлөмүн бөлүштүрүү жөнүндө билдирет ( https://www.gov.kg/ru/npa/s/3734 ) .

Бажы алымдарын төлөбөстөн, тарифтик жеңилдик боюнча кант импортунун көлөмүн алуу үчүн  арыз ээлери Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине төмөнкү документтерди тапшырышы керек: 

– уставдын көчүрмөсү, юридикалык жактын мамлекеттик каттоосунун күбөлүгү же жеке ишкердин (жеке жактын) мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгү;

– ак шекердин жана иштетиле элек камыш кантын алып келүүгө келишимдин көчүрмөсү;  

– келишим боюнча төлөмдү же келишим боюнча товардын жүктөлгөндүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү; 

– ак шекердин Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларациянын көчүрмөсү;

– ушул Эреженин 2-тиркемесине ылайык формадагы алынып келүүчү ак шекерди жана иштетилбеген чийки камыш кантын максатка ылайык пайдалануу жөнүндө милдеттенме;

– документтерди ишенимдүү киши аркылуу берген учурда – ишеним каты, анын паспортунун көчүрмөсү.

 Кошумча маалымат алуу үчүн министрликтин азык-түлүк коопсуздук бөлүмүнө кайрылсаңыз болот +996312623644, +996997777384.

Show More
Back to top button