Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2022-жылдын жыйынтыгы менен айыл чарба жана азык-түлүк товарларынын экспорту жана импорту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2022-жылдын жыйынтыгы менен айыл чарба жана азык-түлүк товарларынын экспорту жана импорту

2022-жылдын жыйынтыгы менен (статистикалык маалыматтарга ылайык), айыл чарбасынын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын тышкы соода жүгүртүүсү 2022-жылдын январь-декабрь айларында 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 29,4 % көбөйдү жана 131041,7 млн сом же 1561,1 млн АКШ долларын түздү.

Мында экспорттук берүүлөр 34,3 % га көбөйүп 38059,8 млн сомов же 451,3 млн АКШ долларды түздү, а импортунун жалпы көлөмүнөн 27,5% көбөйүп, 92981,9 млн сомов же 1109,8 млн. АКШ долларын түздү

Ошону менен бирге, 2022-жылдын январь-декабрында 38059,8 млн сомдук же 451,3  млн АКШ доллары айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы экспорттолду, анын ичинде:

Мал чарба продукциясы 8072,0 млн сомго же 95490,8 миң АКШ долларына экспорттолду, бул өткөн жылга салыштырмалуу сомдо 169,2 %га, АКШ долларында 169,4 % га көбөйдү.

Өсүмдүк чарба продукциясын экспорттоодо 2021-жылдын көрсөткүчүнө салыштырганда улуттук валютада 35,4 %га өсүү байкалып, 13688,2 млн сомду түздү. АКШ долларында экспорт 35,7 %га өсүп, 162082,3 миң АКШ долларын түздү.

Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы 2021-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу улуттук валютада 7,1 % га өсүү менен 16299,5 млн сомду түздү. АКШ долларында экспорт 7,7%га өсүп, 193768,8 миң АКШ долларын түздү.

2022-жылдын январь-декабрь айларында республиканын экспортунун жалпы көлөмүндө айыл чарба продукциясынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын экспортунун үлүшү 20,8%, ды түзсө, 2021-жылы бул үлүш 12,4%га жеткен.

2022-жылдын январь-декабрында айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясынын импорту 92981,9 млн сомду же 1109,8 млн АКШ долларын түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,5 % га өскөн (сом менен).

Өсүмдүк чарбасы суммасында 22490,1 млн сомго же 265 721,4 миң АКШ долларына импорттолгон, бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу улуттук валютада 6,3%га өскөн.     

Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясынын импорту 63251,0 млн сомду же 760982,3 миң АКШ долларын түздү, бул 2021-жылга салыштырмалуу 42,0 %га көп ( сом менен).         2022 – жылдын январь-декабрь айларында республиканын импортунун жалпы көлөмүндө айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясынын импортунун үлүшү 11,6 %ды түзсө, 2021-жылдын тийиштүү мезгилинде бул үлүшү 13,8 %га жеткен

Show More
Back to top button