Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоору – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

“Токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоору

Бүгүн, 23-сентябрда Бишкекте 2017-жылы ишин баштаган ДБ/ГЭФтин “Токой
экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоорунун жыйынтыктоочу семинар
болуп өттү.
Акыркы 30 жылдын ичинде бул долбоор токой тармагындагы ар тараптуу жана көп
векторлуу долбоорлордун бири болду, ал институттук реформаларды,
материалдык-техникалык базаны чыңдоодо, инфраструктуралык объектилерди
түзүүдө, токой тармагына санариптик технологияларды жайылтууда чөң салымын
кошкон.

Негизги инвестициялар республиканын 13 пилоттук токой чарбасына багытталган,
алардын аймагында 1800 гектардан ашуун аянтта токой массивдери түзүлдү, 6
пилоттук айыл өкмөттүн 618 га кунарсыз жерлеринде мөмө-жемиш бактары
түзүлдү. Мындан тышкары 90го жакын объект түзүлдү: 42 үй-кордон, 10
күнөскана, 4 көпүрө, 5 скважина, 4 кайра иштетүүчү цех, 3 муздаткыч, 2
биогумусту өндүрүу курулуштары, узундугу 14,5 км болгон 5 электр чубалгылары,
узундугу 10,5 км 2 ирригациялык канал, Чүй токой чарбасынын жаңы конторасы
курулуп, Токтогул токой чарбасынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн
өткөрүлдү, Үч-Коргон токой чарбасындагы «Дүгоба» альпинисттик-туристтик
базасы калыбына келтирилди.
Токой чарбасы үчүн бул долбоор чоң тажрыйба болуп калды жана кийинки
долбоорлорду ишке ашыруу бул долбоордон алынган сабактарга негизделет.

Маалымат үчүн:
Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган
“Токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоору мамлекеттик
мекемелердин жана жамааттардын дараметин көтөрүүгө инвестиция тартуу
аркылуу токой экосистемаларын туруктуу башкарууну пландоого, экосистеманы
жана инфраструктураны калыбына келтирүүгө багытталган.
13 пилоттук токой чарбасынын жана 6 айыл өкмөтүнүн аймагында ишке
ашырылган. Долбоордун жалпы суммасы 16,11 миллион АКШ долларын түзөт.

Show More
Back to top button