Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министрлер кабинети 47,7 га жерди “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө токтомго кол койду – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрлер кабинети 47,7 га жерди “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө токтомго кол койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтомго кол койду.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын ТЭЦ–2 аймагында жеке турак үйлөрдү курган жашоочулардын маселелерин чечүү максатында Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамдын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 13 жана 17-беренелерине ылайык министрлер кабинети токтом кылат:

1. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жана муниципалдык менчикте турган 47,7 га жер “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун (трансформациялансын).

2. Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагын каржылоо тизмесине киргизсин жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 “Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө” токтомунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн 5,0 млн. (беш миллион) сом өлчөмүндө каражат бөлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:- бар болгон жеке турак жай курулуштарына шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.

Show More
Back to top button