Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2020-жылы өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп жыйуу иштеринин жүрүшү тууралуу 25-августка карата МААЛЫМАТ – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2020-жылы өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп жыйуу иштеринин жүрүшү тууралуу 25-августка карата МААЛЫМАТ

Учурда бардык региондордо, быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өз убагында оруп-жыйноо максатында облустук жана райондук штабдар түзүлүп, оруп-жыйноонун графиги иштелип чыгып, ага ылайык дан жыйноочу комбайндардын  маршруттары белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн берген ыкчам маалыматтарына ылайык, 2020-жылдын 25-августуна карата республикада 185,9 миң га аянтта буудай жыйналып,  (75,1%), түшүмдүүлүк – 27,1 ц/га түзүп, бункердик салмакта 503,7 миң тонна дан  жыйналды. 2019-жылга салыштырмалуу дүң жыйым – 56,6 миң тоннага, түшүмдүлүк – 1,7 ц/га көп болду.

Жалпы – 174,2 миң га аянтта арпа жыйналып (79,5%), же былтыркыдан – 15,1 миң га көп. Дүң жыйым 427,4 миң тоннаны түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 63,7 миң тоннага көп, түшүмдүүлүк – 24,5 ц/га, же былтыркыдан 1,7 ц / га көп.

Белгилей кетүү керек, Чүй облусунда Суусамырдан башка, ошондой эле республиканын түштүк региондорунда дыйканчылык райондордо буудай, арпаларды оруп жыйноо аяктап калды.  Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облусунда кылкандуу дан эгиндерди оруп-жыйноо иштерин башташты. Жалпысынан, аба ырайынын жагымдуу болуп жаткандыгынан  Ысык-Көл жана Нарын облустарында жогорку түшүмдүүлүк күтүлүүдө.

Быйыл Ысык-Көл облусунда 91,5 миң га, Нарында 24,7 миң га буудай, арпа орулат. Ошондуктан, оруп жыйноо компаниясынын динамикасын сактоо менен кар алдында калтырбай өз убагында коромжусуз сапаттуу жыйнап алуу максатында,  Чүй облусунун дан жыйноочу комбайндарын аталган облустарга  тартуу боюнча келишимдерди түзүү иштери жүрүп жатат.

Жүгөрү жыйноо иштери 7,6 миң га аянтта жүргүзүлүп, түшүмдүүлүк орточо 67,7 ц/га болду. Дүң жыйым 51,8 миң тонна болуп, былтыркы жылдан 16,7 миң тоннага көп.

Республика боюнча картөшкө – 19,2 миң га жыйналды, сунушталган түзүмгө карата 25,1  % түздү. Орточо түшүмдүүлүк  168,4 ц/га,  же өткөн жылга карата 0,6 ц/га көп. Дүң жыйым  322,4 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга карата 19,5 миң тонна көп.

Жашылчалардын дүң жыйымы  603,7 миң тонна түздү, былтыркы жылдан 16,9 миң тоннага көп.  Ал эми бахча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 209,6 миң тонна жыйналып, 2019-жылдан 8,2 миң тоннага көп болууда. Ошондой эле мөмөлүү жемиштер дүң жыйымы  117,6 миң тонна жыйналып, 2019-жылга караганда 7,0 миң тоннага көп жыйналды.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button