Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Макулатура тапшыр – көчөт ал” – “Бир жарандан – Бир көчөт” – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Макулатура тапшыр – көчөт ал” – “Бир жарандан – Бир көчөт”

Айыл чарба министрлиги тарабынан шаардагы Ч.Түлебердиев атындагы жана “Ынтымак-2” сейил бактарында “Бир жардан – бир көчөт” экологиялык акциясы өтүп, ага 100дөн ашык жарандар жана активисттер, ошондой эле Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы Н.Алишеров, Бишкек шаарынын мэри А.Жунушалиев,вице-мэр В.Мозгачева , “Эко-Деми” КФнун негиздөөчүсү А.Чыныбаева, Улуу Британиянын өзгөчө ыйгарым укуктуу элчиси А. Чарльз Гаррет жубайы менен катышты.

Акциянын алкагында «Ынтымак-2» жана Ч.Түлөбердиев атындагы сейил бактарга 500дөн ашык көчөт отургузулду. Белгилей кетсек,акцияга үлгүрбөй калган жарандар үчүн 2021-жылдын 6- ноябрында 1000ден ашык алма багынын көчөттөрү Токмок шаарынын, Ак-Бешик жер участогуна отургузуу иштери жүрөт.

КР Айыл чарба министрилигинин статс-катчысы Н.Алишеров “Бак-дарактарды отургузуу менен айлана-чөйрөнү коргоонун маанилүүлүгүн, мындай иш-аракеттердин аркасында абанын тазалыгын сактап кала аларыбызды”, – өзгөчө белгиледи. Буга байланыштуу министрлик жылына эки жолу республика боюнча көчөт отургузуу иш-чараларын уюштурат.

Show More
Back to top button