Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба министрлигинин 2021-жылдын январь-июнь айларындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча коллегисы өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба министрлигинин 2021-жылдын январь-июнь айларындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча коллегисы өттү

2021-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин 2021-жылдын январь-июнь айларындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча коллегисы өттү.

Коллегияга Кыргызстана Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри А.Джаныбеков, коллегиянын мүчөлөрү, министрлике караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларыры, орун басарлары, бөлүм башчылар жана райондык агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты.

Кезектеги коллегияда Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин 2021-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча маселелер каралды.

Коллегиянын жүрүшүндө министрдин орун басарлары А. Мукашев жана И. Марсбек уулу үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча маалыматтар менен тааныштырды.

Коллегида эки райондун агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларынын аткарган иштери канаттандырарлык эмес деп бааланып, ээлеген кызматык абалын кароону комиссияга тапшырды.

Ал эми айрым башкармалыктын башчыларынын аткарган иштери жетишсиз деп табылып, эскертүү, сөгүш жана катуу сөгүштөр берилди.

Ошондой эле квартал сайын жетекчилердин ишин баалоо боюнча маселелер каралары белгиленди.

Мындан сырткары министр А.Джаныбеков,  министрдин орун басарларына жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларына ошондой эле райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларына төмөндөгүдөй тапшырмаларды берди:

– Азык түлүк коопсуздугун камсыздоо (дыйкандарды, фермерлерди – өсүмдүктөрдүн жогорку түшүмдүү жаңы сорттору, гибриддери менен камсыздоо).

– Мал чарбасын сандан сапатка өткөрүү (малды жасалма уруктандыруу менен малдын асылдуулугун жогорулатуу.

– Жайыттардын абалын жакшыртуу жана  туура пайдалануу.

– Мал чарбасына тоюттарды жетишээрлик деңгээлде даярдоо.

– Кыргызстанга кирген ветеринардык дары-дармектердин сапатына көңүл буруу сертификатташтыруу, мыйзамсыз сатылып жаткан дары дармектерди жоюу.

– Сугат сууну үнөмдүү пайдалануу максатында дыйкандарга   иновациялык технологияларды лизинг аркылуу алып берүүгө жардам көрсөтүү.

– Тамчылатып, жамгырлатып суугаруу ыкмасын дыйкандарга көргөзүү, окутуу семинарларды уюштуруу.

– Арык, каналдарды алдын ала тазалоо иштерин уюштуруу.

– Тармакка жаш кесипкөй адистерди тартуу жана башка тапшырмалар берилди.

Коллегиянын жыйынтыгында ар кандай маселелер каралып, суроо-жооптор болду.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button