Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ак шекерди жана чийки шекерди тарифтик арзандатуу менен ташып келүү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ак шекерди жана чийки шекерди тарифтик арзандатуу менен ташып келүү

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 140 “Ак кантка жана чийки камыш кантына карата Бажы бирлигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Чечими кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымдайт. Бул Чечимге жараша Кыргыз Республикасынын аймагына 70 миң тонна өлчөмүндө ак кантты жана чийки кантты бажы төлөмүсүз ташып келүү каралган.

Учурда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан «Азык-түлүк коопсуздугу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыкты, анда министрлер кабинетинин 2021-жылдын 12-июлундагы № 71 токтомуна туруктуу мүнөздөгү ак жана чийки кантты Кыргыз Республикасынын аймагына салымсыз ташып келүү көлөмүн бөлүштүрүү эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.

2022-жылдын январь айынын аягынан тарта ак кантты жана чийки кантты алымсыз ташып келүү көлөмү арыз ээлери арасында бөлүштүрүлөт деп болжолдонууда.Кошумча маалымат үчүн министрликтин ЕАЭС иштери жана БДСУ маселелери боюнча бөлүмүнө +996312623644, +996557557529 телефон аркылуу кайрылыңыз.

Show More
Back to top button