Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Ак-Тилек” өткөрүү пунктунда фитосанитардык талаптардын бузулушу анкыталды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

“Ак-Тилек” өткөрүү пунктунда фитосанитардык талаптардын бузулушу анкыталды

Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан 2024-жылдын 02-апрелинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы “Ак-Тилек автожолу” өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан “Жыйынды постунда” текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө Россия Федерациясынан чыккан 1000 даана малина (данкуурай) көчөтүнүн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.
Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы №318 Чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 3.7 пунктуна ылайык жогорку тобокелдиктеги карантинге алынган продукциянын партиясына фитосанитардык сертификаттын жана таңгагында маркировканын жоктугу аныкталгандыктан, карантин жаатында мыйзамга ылайык тиешелүү фитосанитардык чаралар көрүлдү.

Show More
Back to top button