Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Айыл чарбасын каржылоо – 10″ – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Айыл чарбасын каржылоо – 10″

“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун максаты 2022-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү үчүн жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 60 ай.

Каржылоо булактары тиешелүү жылдар үчүн республикалык бюджеттин жана коммерциялык банктардын каражаттары болуп эсептелет.

Долбоорго катышкан коммерциялык банктардын чыгымдарын жабуу үчүн республикалык бюджеттен 474,0 млн. сом субсдиялык каражаттар бөлүнөт.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жооптуу аткаруучулар болуп эсептелишет.

Жеңилдетилген насыяларды максаттуу берүү тармактары мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы болуп эсептелет.

Бардык максаттуу тармактар боюнча акыркы пайыздык ставка 6 пайыз эсебинде аныкталды, мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк субъекттери үчүн насыяларды кайтаруу мөөнөтү 36 айды, үрөнчүлүк, асыл-тукум мал чарбасы, канаттуулар чарбасы, балык чарбасы, аарычылык, тоют топтоо, малды жасалма жол менен уруктандыруу субъекттери үчүн 60 айды, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн 60 айды түзөт.

Берилүүчү насыянын көлөмү:

– мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк субъекттери үчүн 300,0 миң сомдон 3,0 млн. сомго чейин;

– үрөнчүлүк, асыл-тукум мал чарбасы, канаттуулар чарбасы, балык чарбасы, аарычылык, тоют топтоо, малды жасалма жол менен уруктандыруу субъекттери үчүн 10,0 млн. сомго чейин;

– тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн 500,0 миң сомдон 20,0 млн. сомго чейин түзөт.

Бардык категориялар үчүн жеңилдетилген мезгил 6 ай эсебинде аныкталды.

Ушул долбоорго багытталган каражаттар:

– мал чарбасынын субъекттери үчүн бардык каржылоонун жалпы суммасынын 50 пайыздан ашпаган;

– өсүмдүк өстүрүүчүлүк субъекттери үчүн бардык каржылоонун жалпы суммасынын 25 пайыздан ашпаган;

– тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн бардык каржылоонун жалпы суммасынын 25 пайыздан кем болбогон көлөмдө аныкталды.

Алдын-ала эсептөөлөрдүн негизинде, 2022-жылда айылдык товар өндүрүүчүлөргө 4,9-5,0 млрд. сом өлчөмүндө жеңилдетилген финансалык каражаттар бөлүнүп берилет.

“Айыл чарбасын каржылоо-10” (АЧК-10)

долбоорунун өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары

Каралган шаттар“АЧК-9” долбоору“АЧК-10” долбоору
1. Бөлүнгөн субсидиялык каражат, млн. сом372,0474,0
2. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү:  
    – мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүчүлүк, ай (жыл):36 (3 жыл)36 ай (3 жыл)
    – асыл тукум, үрөнчүлүк, балык, тоок, аары чарбалары, органикалык айыл чарбасы, багбанчылык, күнөскана, тамчылатып сугаруу, тоют топтоо, малды жасалма жол менен уруктандыруу багыттары, ай (жыл)60 ай (5 жыл)60 ай (5 жыл)
    – тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, ай (жыл)60 ай (5 жыл)60 ай (5 жыл)
3. Жеңилдетилген мезгил, ай66
4. Берилген насыянын өлчөмү, миң сом:  
    – мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүчүлүк150,0-1000,0300,0-3000,0
    – асыл тукум, үрөнчүлүк, балык, тоок, аары чарбалары, органикалык айыл чарбасы, багбанчылык, күнөскана, тамчылатып сугаруу, тоют топтоо, малды жасалма жол менен уруктандыруу багыттары10000,0 сомго чейин10000,0 сомго чейин
    – тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, ай (жыл)1000,0-150000,0500,0-20000,0
5. Пайыздык ставка, пайыз менен  
    – мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүчүлүк106
    – асыл тукум, үрөнчүлүк, балык, тоок, аары чарбалары, органикалык айыл чарбасы, багбанчылык, күнөскана, тамчылатып сугаруу, тоют топтоо, малды жасалма жол менен уруктандыруу багыттары86
    – тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары66
5. Жалпы бериле турган насыялардын тармактар боюнча бөлүнүшү, пайыз менен:  
    – мал чарбасы50 % ашык эмес50 ашык эмес
    – өсүмдүк өстүрүүчүлүк20 % ашык эмес25 % ашык эмес
    – тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары30 % кем эмес25 % кем эмес
6. Коммерциялык банктардын насыялык пайыздык ставкалары, орточо пайыз менен16,69 пайыз18,75 пайыз
7. Берилген жалпы насыялык каражаттар, млн. сом6178,64900,0-5000,0
Show More
Back to top button