Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантинге алынуучу продукциянын экспорту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Карантинге алынуучу продукциянын экспорту

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери 2023-жылдын 2-8-июнга карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 11 миң 952 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүштү. Экспорттук көлөмү боюнча:

1. Чүй облусунан 6 миң 061 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 558 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Чүй областынан эң көп экспорттолгон продукция: жашылчалар-2642 тоннаны түзүп, Россия, Казакстан, Польша, Украина өлкөлөрүнө экспорттолгон.

2. Ош облусунан 4 миң 930 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 2201 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ош областынан мөмө жемиштер 2975 тоннаны түзүп Россия өлкөсүнө экспорттолгон.

3. Талас облусунан 520 тонна айыл-чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 48 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Талас областынан буурчак өсүмдүктөрү 396 тоннаны түзүп, Россия, Сербия, Иран, Болгария, Турция Казакстан, Грузия өлкөлөрүнө экспорттолгон.

4. Жалал-Абад облусунан 295 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 19 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Жалал-Абад областынан пахта буласы 108,9 тоннаны түзүп, Турция өлкөсүнө экспорттолгон.

5.  Баткен облусунан 141 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 7 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Баткен областынан жүгөрү – 67 тонна, күн карама – 15 тонна, арпа -17  тонна Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.

6. Ысык-Көл облусунан 4 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик  зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 1 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ыссык-Көл областынан жашылча – 4 тонна Казакстан өлкөсүнө экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин тыкыр текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Show More
Back to top button