Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын көбөйтүү иш-чаралары башталды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Балык чарба департаментиЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын көбөйтүү иш-чаралары башталды

Балык чарба департаменти (мындан ары Департамент) 2021-жылдын октябрь айынан баштап КРнын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын көбөйтүү боюнча иш-чараларды өткөрүп баштады.  Бул аракет КР УИАнын биология институту менен пландаштырылып, макулдашылган жана департаменттин буйругу менен бекитилген. Учурда күзүндө жана кышында икра чача турган балыктардын кармоо иштери жүрүүдө. Алсак, Ысык-Көлдө форель-гегаркуни жана Орто-Токой суу сактагычындагы сига-лудоги балыктары. Форелдерди кармоо иштери үчүн Департамент тарабынан эки жерге уруксат берилген. Биринчиси, “Балыкчылар” ЖЧКсы Тоң балык заводу (келишим боюнча). Аталган ишкананын балыктарды уруктандыруу жана жаш балыктарды өстүрүү боюнча көп жылдык тажрыйбасы бар. Экинчиси, “Орто-Токой ынтымагы” ЖЧК (келишим боюнча).

23-ноябрга карата Тоң балык заводу тарабынан 250 миң даана форель-гегаркуни балыгы жасалма уруктандыруу аппаратына жайгаштырылды. Ал эми “Балыкчылар” ЖЧКсы тарабынан 160 миң даана форель-гегаркуниден урук алуу үчүн даярдалды. Жыныстык продуктулары өөрчүбөгөн балыктар толук жетилиши үчүн атайын бассейнге жайгаштырылды. Форелдерди кармоо иштери 2021-жылдын 30-ноябрына чейин уланат. 

“Орто-Токой Ынтымагы” ЖЧКсы 23-ноябрга карата сига-лудоги балыгынын 35 литр же 1 млн.750 миң даана уруктандырылган икрасын ( 1 л. – 50 миң даана ) даярдаган. Анын бир бөлүгү (25 литр, же 1 млн. 250 миң даана) келишим боюнча, Тоң  балык чыгаруучу заводунда, калган 10 литр же 500 миң даанасы “Соң-Көл”  (келишим боюнча)  инкубациялык цехинде икубацияланат.

Show More
Back to top button