Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Аква Пром” жана “Тянь-Шань-Фиш” ишканалары Россия Федерациясына балык жана балык азыктарын экспорттой баштайт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

“Аква Пром” жана “Тянь-Шань-Фиш” ишканалары Россия Федерациясына балык жана балык азыктарын экспорттой баштайт

Россия Федерациясынын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) талаптарына жооп бербейт деген жүйөө менен 2023-жылдын 16-февралынан тартып Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына балык жана балык азыктарын экспорттоого убактылуу чектөө киргизилген.

ЕАЭБ талаптарынын бузууларын четтетүү жана убактылуу чектөөнү алып салуу максатында кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлүп, оңдоо чаралары көрүлгөн.

Иштин жүрүшүндө Россия Федерациясынын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын дарегине Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматы тарабынан “Аква Пром” ЖЧК жана “Тянь-Шань-Фиш” ЖЧК  тарабынан мыйзам бузууларды жоюу боюнча түзөтүүчү иш-чаралардын жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган материалдар жөнөтүлгөн. 2023-жылдын 25-26-апрель күндөрү Ветеринардык кызматтын инспекторлору менен биргеликте “Аква Пром” ЖЧК жана “Тянь-Шань-Фиш” ЖЧК ишканаларынын ишмердүүлүгүнө онлайн текшерүү жүргүзүлгөн.

 2023-жылдын 27-апрелиндеги Россия Федерациясынын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын № ФС-АК-7/10525 катына ылайык, жүргүзүлгөн инспекциянын негизинде 2023-жылдын 28-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын аймагына балык жана балык азыктарын экспорттоого (жогорудагы 2 ишкана) убактылуу чектөө алынды.

Ошондой эле, Россия Федерациясынын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын дарегине “Нурагрорыбпром” ЖЧК жана “Дары Природы” ЖЧК ишканалары боюнча мыйзам бузууларды жоюу боюнча түзөтүүчү иш-чаралардын жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган материалдар жөнөтүлдү.

Show More
Back to top button