Маанилүү жаңылыктар

“Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбоорунун артыкчылыктары бир миллион сомго чейин 36 ай мөөнөткө жеңилдетилген насыялар берилет

 “Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбоору

“Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбоорунун максаты, 2021-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүнү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү (анын ичинде сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары – тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу; күнөскана чарбалардын, интенсивдүү багбанчылыкты жана органикалык айыл чарба өндүрүшүн), айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү, андан ары өнүктүрүү үчүн арзан жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү категориялары үчүн:

1) 150 000 (бир жүз элүү) сомго чейин, 18 айга чейинки мөөнөткө, күрөөсүз негизде каржылоо;

2) 1 000 000 (бир миллион) миллион сомго чейин, 36 айга чейинки мөөнөткө, күрөөсүз негизде алуу;

3) 36 айга чейинки мөөнөткө (бир жылдык өсүмдүктөрдү өстүрүү менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн);

Кредит берүүдө артыкчылыктуу багыттар тамак-ашты кайра иштетүү өнөр жайы ишканалары менен келишимдери жана/же контракттары бар чарбакер субъекттер, ошондой эле айыл чарба продукцияларынын төмөнкүдөй 11 түрүн экспорттоого түзүлгөн келишимдери бар өндүрүүчүлөр болуп саналышат:

1) сүт;

2) эт;

3) жүн,

4) бал;

5) балык;

6) жашылча (пияз, сарымсак, томат, калемпир, капуста);

7) картошка;

8) жемиш өсүмдүктөрү (уруктуу, данектүү);

9) мөмөлөр (дан куурай, кулпунай, карагат);

10) техникалык өсүмдүктөр (пахта, тамеки);

11) төө буурчак.

21. Ошондой эле кредит берүүдө белгиленген тартипте асыл тукум заводдун, асыл тукум фермасынын жана үрөн чарбасынын статусу берилген чарбакер субъекттер, ошондой эле кант кызылчасын өстүрүү менен алектенген субъекттер артыкчылыктуу багыттар болуп саналышат.

22. Эгерде, потенциалдуу зайымчылардын күрөө менен камсыз кылуусу жетишсиз болсо, алар “Кепилдик фонду” ачык акционердик коомуна (мындан ары – “Кепилдик фонду” ААК) кепилдик алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.

“Мал чарбачылыгы” категориясынын чарбакер субъекттери үчүн кошумча шарттар:

Бул категория үчүн багытталуучу каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 50 пайызынан ашпашы керек. Бул категорияга үй жаныбарларын (кой, эчки, жылкы, коён жана бодо мал), канаттууларды (тоок, өрдөк, каз, төө куш, бөдөнө жана башка айыл чарба канаттууларын), бал аары баккандар, анын ичинде бал жана аарынын момун өндүрүүчүлөр, балык өстүргөн, балык питомниктерин жана балык фермаларын иштеткендер кирет.

Бул категориянын чарбакер субъекттери долбоордун алкагында бир зайымчыга 1 000 000 (бир миллион) сомго чейин кредит ала алышат. Асыл тукум малын жана жасалма жол менен уруктандыруу үчүн жабдууларды сатып алган, кыркын пункттарын жана жугушсуздандыруучу ванналарды курган жана жабдыган чарбакер субъекттер 10 000 000 (он миллион) сомго чейин кредит ала алышат.

Асыл тукум иштери менен алектенген жана асыл тукум малды өстүргөн чарбакер субъекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык ыйгарылган асыл тукум чарбасынын статусуна, ошондой эле асыл тукумдун баалуулугун тастыктаган документтерге (паспорт, асыл тукум малдын карточкасы, бонитировка журналы) ээ болууга тийиш.

“Өсүмдүк өстүрүү” категориясынын чарбакер субъекттери үчүн кошумча шарттар:

Бул категория үчүн жумшалуучу каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.

Бул категориянын чарбакер субъекттери ушул долбоордун алкагында бир зайымчыга 1 000 000 (бир) миллион сомго чейин кредит ала алышат. Сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологияларын (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу) өнүктүрүү, күнөскана чарбасы, интенсивдүү багбанчылык жана органикалык айыл чарба менен алектенген чарбакер субъекттер 10 (он) миллион сомго чейин кредит ала алышат.

Бул долбоордун алкагында кредит алуу үчүн өсүмдүк өстүрүү менен алектенген чарбакер субъекттер жеке менчигинде же ижарага алынган айыл чарба багытындагы жерлери жана андай жерлердин бар экендигин күбөлөндүргөн документи (мамлекеттик акты, күбөлүк, убактылуу күбөлүк, ижара келишими, сатуу-сатып алуу келишими ж.б.) болууга тийиш.

Ошондой эле, сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологияларын (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу) киргизүү, күнөскана чарбалары жана интенсивдүү багбанчылык менен алектенген чарбакер субъекттерге долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси бар бизнес-планды берүү сунушталат.

 “Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү” категориясынын чарбакер субъекттери үчүн кошумча шарттар:

Бул категория үчүн жумшалуучу каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 30 пайызынан кем болбоого тийиш.

 “Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү” категориясына айыл чарба продукцияларын (дан эгиндери, буурчак өсүмдүктөрү, бодо малдын жана кой-эчкинин эти, териси, сүтү ж.б.) кайра иштетүү, балык жана балык азыктарын кайра иштетүү жана консервалоо, жемиштерди, жашылчаларды жана мөмөлөрдү кайра иштетүү жана консервалоо, өсүмдүк жана малдын майын өндүрүү, айыл чарба жаныбарлары үчүн тоют өндүрүү, минералдык суу өндүрүүнү кошпогондо, айыл чарба продукцияларынан (анын ичинде айыл чарба продукцияларынын экинчи жолку иштетилүүчү чийки затынан) тамак-аш продуктуларын өндүрүү, жашылча сактоо кампаларын кошо эсептегенде, айыл чарба продукцияларын таңгактоо, жыюу жана сактоо, айыл чарба малы жана канаттуулар үчүн союу цехтери, кийиз жана кийиз буюмдарын даярдоо, айыл чарба продукцияларын сатып алууну, сактоону, ташууну жана сатып өткөрүүнү уюштуруу үчүн логистикалык борборлору кирет.

Биринчи категориядагы субъекттер 20дан жогору жумуш орундары бар ишканаларды өзүнө камтыйт жана ушул долбоордун алкагында бир зайымчыга 150,000 (жүз элүү) млн сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредит ала алышат. Экинчи категориядагы субъекттер 20га чейинки жумуш орундары бар ишканаларды өзүнө камтыйт жана ушул долбоордун алкагында бир зайымчыга 10 000 000 (он) млн сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредит ала алышат.

Бул категориянын чарбакер субъекттери Кыргыз Республикасынын резиденти болууга жана Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда талаптагыдай каттоодон өтүүгө тийиш.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published.

Back to top button