Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантинге алынуучу продукциянын экспорту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Карантинге алынуучу продукциянын экспорту

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 21-27-апрелине карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 9 миң 281,3 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Экспорттук көлөмү боюнча:

  1. Чүй облусунан 6 миң 533,9 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 408 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Чүй облусунан эң көп экспорттолгон продукция жашылчалар – 4125,7 тоннаны түзгөн жана Россия, Казакстан, Польша, Украина өлкөлөрүнө экспорттолгон.
  2. Ош облусунан 770,9 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 58 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ош облусунан эң көп экспорттолгон продукция кургатылган жемиштер – 345,1 тоннаны түзгөн жана Россия, Түркменистан өлкөлөрүнө экспорттолгон.
  3. Талас облусунан 779,9 тонна айыл-чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 74 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Талас облусунан эң көп экспорттолгон продукция буурчак өсүмдүктөрү 437,1 тоннаны түзүп, Россия, Сербия, Иран, Болгария, Турция Казахстан, Грузия өлкөлөрүнө экспорттолгон.
  4. Баткен облусунан 842 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 34 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Баткен облусунан эң көп экспорттолгон продукция картошка 411 тоннаны түзгөн жана Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.
  5. Ыссык-Көл облусунан 101,3 тонна экспорттолуп, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 22 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ыссык-Көл облусунан эң көп экспорттолгон продукция жашылчалар 45,3 тонна жана 781 даана көчөттөр Казакстан өлкөсүнө экспорттолгон.
  6. Жалал-Абад облусунан 253,3 тонна экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 18 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Жалал-Абад облусунан эң көп экспорттолгон продукция пахта буласы – 131 тонна Россия, Турция өлкөлөрүнө жана кургатылган жемиштер – 81,3 тоннаны түзүп Германия өлкөсүнө экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Show More
Back to top button