Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргызстан менен Кытай ортосунда тамак-аш азыктары жаатында соода мамилелери өнүгөт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстан менен Кытай ортосунда тамак-аш азыктары жаатында соода мамилелери өнүгөт

2024-жылдын 2-апрелинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде КЭРдин Үрүмчү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Ли Цинхуа айым баштаган Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Ага министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору Д.Б.Кенжебаев, Ветеринардык кызматтын директору У.С.Кожобергенов жана Кыргыз Республикасынын Агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын төрагасы Э.А. Акунбеков катышты.

Жолугушууда эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттешүү багыттары боюнча маселелер көтөрүлдү, алар төмөнкүлөрдү камтыды:
– эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ортосунда ветеринардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар чөйрөсүндө координациялоону жана кызматташууну жакшыртуу;
– илдеттердин жана зыянкечтердин таралышын болтурбоо максатында өсүмдүктөр жана жаныбарлар үчүн контролдоо жана карантин механизмдерин өнүктүрүү;
– Бирдиктүү терезе GACC (CIFER) тутумуна каттоо сапатын жакшыртуу боюнча тажрыйбалык жардам көрсөтүү;
– Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда айыл чарба продукциясы жана тамак-аш азыктары жаатындагы соода мамилелерин илгерилетүү;
– Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда жылкы түркүмүндөгү союлуучу жаныбарлар боюнча, жылкы түркүмдөгү пайдалуу жаныбарлар боюнча, канаттуулар чарбасынын кошумча азыктары, бал жана сүт азыктары боюнча кол коюлган протоколдорду ишке ашыруу жөнүндө маалымат;
– Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда бодо малдын териси, майда малдын жүнү, балык, термикалык иштетүүдөн өткөн бодо малдын эти боюнча, канаттуулардын эти жана ич эттери боюнча протоколдордун долбоорлорун даярдоо жөнүндө маалымат;
– Кыргыз Республикасындагы эпизоотиялык абал жөнүндө;

Эки тарап тең өз ара пайда табуу жана эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында, аталган тармактарда мындан ары кызматташууга жана тажрыйба алмашууга даяр экендигин тастыкташты.

Show More
Back to top button