Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2023-жылдын күзгү пландык текшерүүнүн (ревизия) жыйынтыктары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2023-жылдын күзгү пландык текшерүүнүн (ревизия) жыйынтыктары

Токой кызматынын 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 8/202 буйругунун негизинде, мамлекеттик токой фондусунун аймагында токой ресурстарын сактоо, коргоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш чараларды өз учурунда жана сапаттуу ишке ашыруу максатында, мыйзам бузуу фактыларын аныктоо боюнча күзгү пландык текшерүүлөр токой чарбалардын адистери тарабынан жүргүзүлүп, жыйынтыгында төмөндөгүлөр аныкталды.

Текшерүүдө Республика боюнча токой чарбалардын карамагында турган 752 токой кыдырмалар (обход)  болсо, 724 токой кыдырмалары (обход) текшерүүлөргө алынды. 

Пландык күзгү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, кээ бир токой чарбаларында мыйзамсыз токой кыйылып кеткендиги аныкталган, натыйжада  кыдырмалардагы күзгү пландуу текшерүүдө 121 материал катталып, мыйзамсыз кыйылып кеткен жалпы дарактардын саны 339 даана болуп, жалпы көлөмү 216,778 м3 түзүп, токой чарбага келтирилген зыяндын өлчөмү 259 588 (эки жүз элүү тогуз миң беш жүз сексен сегиз ) сомду түзгөн.

Show More
Back to top button