Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Казакстандан келе жаткан 180 миң килограмм малдын тоюту артка кайтырылды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Жаңылыктар

Казакстандан келе жаткан 180 миң килограмм малдын тоюту артка кайтырылды

29-февраль Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын “Ак-Тилек” чек ара көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Казакстан Республикасынан Кыргызстандын аймагына 180 000 кг өлчөмүндө малдын тоюту мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, жүктүн ветеринардык коштомо документи жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.

Инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстан Республикасына артка кайтарылды

Show More
Back to top button