Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргызстанда өзгөчө технология менен суу каналдары курула баштайт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстанда өзгөчө технология менен суу каналдары курула баштайт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев, Кыргызстанга атайын иш сапар менен келген Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри, учурдагы Тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Аламедин районундагы Достук айылындагы каналга өзгөчө технология менен жасалган бетон полотносун колдонуу боюнча иш-чара менен таанышышты.

Көптөгөн курулуш көйгөйлөрүн тез, натыйжалуу жана үнөмдүү чечүүгө мүмкүндүк берген, чоюлчак жана ийилчээк болгон, суу тийгенде өзү катып бекемделген, – 50%тан + 50% температурага чыдамдуу бетон полотносу Англияда чыгарылат. Мындай өзгөчө технология менен жасалган бетон полотносу, айыл чарбасында суу каналдарын бетондоо үчүн табылгыс уникалдуу курулуш материалы болуп эсептелет.

Эми мындай жаңы технология менен кубаттуулугу жылына 5 миллион метр квадрат бетон мембрана полотносун чыгарган заводду Кыргызстанга куруу жүзөгө ашканы турат. Бул тууралуу Бакыт Торобаев: “Мындай заводду Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Үсөнбекович болуп Англияга барганда көрүп келгенбиз. Эми аны Кыргызстанга дагы куруп бергиле деп сүйлөштүк. Ош облусунун Араван районунан жер бөлүп берип жатабыз. Келишим долбоору түзүлгөн соң, эки жылда куруп бүтүшү керек. Инвестициянын көлөмү 15 миллион долларды түзөт. Бул бетон мембрана полотносунун өзгөчөлүгү каналдарга төшөп колдонгонго ыңгайлуу. Цемент-бетон колдонулбайт. Суу тийгенде өзү катып бекемделет. 50 жылдык мөөнттө кызмат кылат. Негизгиси коромжу болуп жаткан сууну жоготконду токтотобуз” – деп билдирди.

Учурда суунун 40%-50% жерге сиңип жоголууда. Кыргызстанда жалпы 30 миң чакырым узундуктагы суу каналы болсо, анын 17 миң километрин бетондоо керек. Ал эми 11 миң чакырым бетон каналынын үстүн жаңылап оңдоо зарыл. Жалпы муктаждык 100 миллион квадрат метрден ашык.

Show More
Back to top button