Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Мал жандыктарды идентификациялоо иштери – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Мал жандыктарды идентификациялоо иштери

2016-жылдан тарта ири мүйүздүү мал жандыктарды идентификациялоо иштери башталган. Республика боюнча 2 030 871 баш ири мүйүздүү мал ЖИКС маалыматтык тутумуна катталган. 2023-жылы  малдын төлдөрү идентификациядан өтүп,  124 809 баш  ири мүйүздүү мал ЖИКС маалыматтык тутумуна киргизилди.

2021-жылдын 1-февралынан тартып республика боюнча жылкыларды идентификациялоо (чип тагуу) иштери башталган. Республика боюнча 547,1 миң баш жылкы пландалса, бүгүнкү күндө 547 176 миң баш жылкы идентификациядан өтүп, каттоого алынып, план 99% аткарылды.

Ал эми чочколорго идентификация жүргүзүү иштери 2019-жылы башталган. Республика боюнча 11 254 баш чочко баласы ЖИКС маалыматтык тутумунун активдүү статусуна катталган.  Бүгүнкү күндө 4 220 баш чочко идентификациядан өтүп, каттоого алынды.

Мындан сырткары, 2022-жылдын 17-мартынан тарта республика боюнча асыл тукум кой-эчкилерди идентификациялоо иштери башталды. Пландалган малдын саны 43 092 башты түзсө, бүгүнкү күнгө ЖИКСге 37,3 миң баш асыл тукум кой-эчки идентификациядан өтүп, план 99,5% аткарылды. Бүгүнкү күндө Кемин, Араван, Түп райондорунда кой-эчкилерди идентификациялоо жана ЖИКС маалыматтык тутумуна каттоо пилоттук иштери жүрүп жатат.

2020-жылдын 10-февралынан тарта балык, аары бал челектерди жана үй канаттууларын идентификациялоо иштери башталган. Бүгүнкү күндө 80,2 миң  аары бал челек, 911 көлмө жана 37 үй канаттуулар чарбасы идентификациядан өткөрүлүп, жеке үй чарбалардагы үй канаттуулар учетго алынды.

Show More
Back to top button