Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр Аскарбек Джаныбеков Египет Араб Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Манал Элсайед Йехиа Элшиннавини кабыл алды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министр Аскарбек Джаныбеков Египет Араб Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Манал Элсайед Йехиа Элшиннавини кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков бүгүн, 13 -августта Египет Араб Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Манал Элсайед Йехиа Элшиннавини кабыл алды.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Элчи айым Египет айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгын (мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк ж.б.) белгилеп, бул тармактарда кызматташууга кызыктар экенин билдирди.Министрлик продукцияны (сапаттуу картошканын үрөнүн, апельсин, мандариндер, анар жемиштерин) импорттоого жана балчылык, балык уулоо жаатында кызматташууга кызыктар экенин билдирди.

Министр ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган приоритеттүү багыттардын бири органикалык продукцияны өндүрүү экенин баса белгилеп, көп өндүрүлгөн продукцияларды: сүт, сүт азыктары, картошка жана башка жашылчаларды тизмектеди.

Элчи айым жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле мындан ары жемиштүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button