Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлеринин форма кийимдеринин жана айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарХимиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо Департаментинин

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлеринин форма кийимдеринин жана айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлеринин форма кийимдеринин жана айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү

  1. Форма кийимдеринин сүрөттөлүшү
  2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлеринин форма кийимдери 4 комплекттен турат:
  • сый кийим;
  • күнүмдүк;
  • талаачылык;
  • лабораториялык (атайын кийим).
  1. Сый жана күнүмдүк комплекттеги кийимдерге төмөнкүлөр кирет:
  • кышкы пальто;
  • бапак;
  • кулакчындуу тумак;
  • моюн орогуч;
  • мээлей;
  • плащ;
  • фуражка;
  • пилотка (кепка);
  • китель;
  • узун жана кыска жеңдүү көйнөктөр;
  • жазгы-күзгү күрмө;
  • кышкы, жазгы-күзгү жана жайкы бут кийим;
  • шым.
    Сый комплектидеги көйнөк, мээлей жана моюн орогуч ак түстө болот.
    Жазгы-күзгү күрмө күнүмдүк комплектке гана кирет.
  1. Талаачылык комплектиге камуфляж кирет, ал бушлаттан, күрмөдөн, шымдан жана кончу бийик батинкеден турат.

Жылдын кыш мезгилинде бапак, кулакчындуу тумак жана кышкы бут кийим, жай мезгилинде – фуражка, пилотка жана кепка (панама) пайдаланылат.

  1. Лабораториялык комплект (атайын кийим) лабораториялардын адистери үчүн арналып, топу, халат, мээлей жана бахиладан (ак, көгүлтүр түстөгү) турат.
  2. Кышкы пальто.
    Пальто эки жакка кымтыланма, денеге кыналып турат, ичине ватин салынган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын түстүү формалык алты топчуга топчуланат. Жакасы кайырмалуу лацкандары менен, жеңдери кош тигиштүү. Кенже, улук жана башкы кызматтык наамдары бар адамдар үчүн пальто кочкул-боз түстөгү драптан тигилет.
    Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар, жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн пальто боз түстөгү драптан тигилет. Жакасы каракүлдөн, жеңдери тилик, кош тигиштүү, тиликке Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын түстүү кичине өлчөмдөгү экиден топчу кадалат. Кызматкер аялдар үчүн пальто – денеге жарым-жартылай кынама, бир тарапка кымтыланма, жакасы кайырма, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн формалык топчуга топчуланат.
    Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар, жогорку административдик жана саясый кызматтагы кызматкер аялдар үчүн пальто боз түстөгү кездемеден – денеге жарым-жартылай кынама, эки жакка кымтыланма, ичине ватин салынып тигилет. Жакасы кайырма, жаканын жогору бөлүгүнө, кайрууларына жана манжеталарына каракүл салынган. Пальто Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн формалык алты топчуга топчуланат.
  3. Кышкы бут кийим.
    Өтүк мех менен ичтелип, кара булгаарыдан ултарылып, эркектер үчүн кончу кыска жана аялдар үчүн кончу узун жасалат. Кончуна сыдырма салынат.
  4. Плащ.
    Плащ кочкул боз түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилет, төрт топчуга ичинен топчуланып, бир тараптуу кымтыланма, ичилик салынат, тогоосу бар кур менен курчалат. Жакасы кайырма, кесик каттамдуу. Өңүрлөрү кокеткалуу кыюуланган тилик чөнтөктүү. Учасы кокеткалуу жана тигиши дал ортосунан өтүп, тилик болуп бүтөт. Жеңи кош тигиштүү, уч жагы тигилген тогоого топчуланат.
  5. Жазгы-күзгү күрмө.
    Жазгы-күзгү күрмө кочкул боз түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилет, бир жагына кымтыланма, каптама жан чөнтөктөрүнүн капкалдырыктары топчуга топчуланат. Төш чөнтөктөрүнө сыдырма салынган. Жакасы кайырма. Топчулугу кайып тигилген бөйрөмчөсүндө,

жеңдери бир тигиштүү орнотулма, алды жагы паталуу, ал пластмасса топчуларга топчуланат. Күрмөнүн белинде – көмүскө бел боо бар. Баш чүмбөтүнө жана ичилигине синтепон салынган, топчуларга топчуланат. Жакасына, бөйрөмчөсүнө, жеңдин учтарына, чөнтөктөрүнө жана капкалдырыктарына кооздоочу тигиш салынган.

  1. Бапак.
    Бапак кесилген конус түрүндөгү алкактан жана алкактын үстүңкү кырынан 4 см чыгып турган калпактан (төбөдөн) турат. Алкагы боз түстөгү накта каракүлдөн жасалат. Калпак төрт талаадан туруп, кочкул-көк түстөгү ноотудан тигилет. Төбөсүндөгү үстүңкү тигиштерине эни 5-6 см. болгон алтын түстөгү тасма кайчылаш бастыра тигилген.
    Бапактын алкагынын алды жагынын дал ортосуна кокарда бекитилет.
    Эркектер үчүн бапак мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдарга гана берилет.
    Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясий кызматтардагы кызматкер аялдар үчүн боз түстөгү накта каракүлдөн беретка берилет.
  2. Кулакчындуу тумак.
    Тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы (маңдай кыры, желкеси кулакчындары менен) боз түстөгү каракүлдөн жасалат. Төбөсү төрт талаадан туруп, маңдай кыры жана кулакчындуу желкеси (ич жагы) кочкул боз түстөгү күдөрүдөн тигилет. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган, бөлүктөр жана тегерек төбөдөн турат.
    Аялдар үчүн кочкул боз түстөгү ноотудан тигилген беретка даярдалат.
  3. Мээлей.
    Мээлей ичине мех салынып, кара булгаарыдан тигилет.
  4. Моюн орогуч.
    Моюн орогуч боз жана ак түстөгү жүндөн токулган кездемеден болот.
  5. Фуражка.
    Фуражка көк-жашыл түстөгү баркыт алкактуу кочкул-боз кездемеден тигилет, алкагына жана кебине милте бастырылат. Алкагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки кичине топчуга өрүлгөн кош катар боо бекитилип, алкагында алтын түспөлдөнгөн кокарда болот. Маңдайкы кыры кара, лакталган.
    Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн алкагындагы маңдай кырынын үстүнө алтын түспөлдөнгөн өрүлгөн боодон башка, симметриялуу жайгашкан эки эмен бутагы түрүндөгү алтын түстүү кооздук да саймаланып салынат.
    Жайкы фуражка ак же боз түстө болот.
    Кызматкер аялдар үчүн фуражканын ордуна ак же кочкул боз түстөгү кочкул-жашыл милтеси бар тегерек формадагы шапочка (беретка, пилотка) берилет.
  6. Күндө кийилүүчү китель-шым.

Китель бир жагына кымтыланма, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн үч топчуга топчуланат, денеге жарым-жартылай кынама бычылып, түрсүз кездемеден тигилген, учасы тигиштүү жана этеги тилик, ичилиги бар, кайырма жака жана жеңдери демейдегидей
кош тигиштүү. Кителдин беттеме бүгүштүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кичине өлчөмдөгү топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама төш чөнтөктөрү, беттеме бүгүштүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн чоңураак өлчөмдөгү топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама жан чөнтөктөрү бар.
Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку жана саясый кызматтагы адамдар үчүн китель эки жакка кымтыланма, учасынын этеги тилик эмес. Кителдин капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү жана кыюуланган тилик төш чөнтөктөрү бар, аялдар үчүн – топчулук сол жагында болот.
Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку жана саясый кызматтагы адамдар үчүн китель боз түстөгү габардинден тигилет, жакасы жана кайрылган жең учу кочкул жашыл түстөгү милте менен кыйылган, милтенин эни 2,5 мм. Кызматкер аялдар үчүн топчулук сол жагында.
Шым багелеги кое берилип, манжетсиз түз тигилген, улук жана башкы кызматтагы класстык чени бар адамдар үчүн эни 2,5 мм болгон кочкул жашыл түстөгү милте бастырылган. Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн шымдын милтелеринен 0,5 см аралыкта бүткүл узундугуна формалык шымдын тышкы тигиши боюнча эни 2,2 см болгон көк жашыл түстөгү тилке бастырылып тигилген.
Кызматкер аялдарга форма шым берилиши мүмкүн.

  1. Аялдардын кители жана юбкасы.
    Аялдар үчүн китель жана юбка кочкул боз түстөгү костюмдук кездемеден тигилет.
    Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки топчуга сол жагына топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, түрсүз кездемеден тигилген, учасы тигиштүү жана этеги тилик, ичилик салынган жакасы кайырма жана жеңи демейдегидей кош тигиштүү.
    Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн төрт топчуга сол жагына топчуланат, эки жакка кымтыланма, учасынын этеги тилик эмес. Кителдин алкакталган тилик жан чөнтөктөрү бар.
    Юбка түз, тизеге чейин.
  2. Жайкы китель.
    Жайкы китель күндө кийилүүчү кителдей эле шымы менен, кочкул боз түстөгү кездемеден тигилет.
  3. Жайкы көйнөк.
    Жайкы көйнөк кочкул боз түстөгү кездемеден тигилет, түз, орнотулма кыска жеңдүү, жең учу кайырмалуу, кочкул жашыл түстөгү милте менен кыюуланган. Төш чөнтөктөрү каптама, “бант” бүгүштүү жана топчуга топчуланган капкалдырыктуу. Жакасы кайырма лацкандары менен, топчулугу белге чейин, көйнөктүн жан чөнтөктөрү тилик болуп, кыюуланган, көйнөктүн юбкасы алды жагында беттеме бүгүштүү, белинде тоголуу куру бар.
  4. Аялдардын жайкы костюму шымы менен.
    Жайкы костюм кочкул-боз түстүү кездемеден тигилип, денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштөгү бир жакка кымтыланма жакеттен турат, орнотулма кыска жеңдүү, кайрылган жең учуна кочкул жашыл түстөгү милте бастырылган, топчулугу көрүнбөйт, жакасы кайырма лацкандары менен, алкакталган тилик жан чөнтөктөрү бар, учасы бир тигиштүү, төш чөнтөгү тилик болуп, кыюуланган.
    Шым түз, жан чөнтөктөрү бар, кайып тигилген кашатынын каптал тигишине кочкул жашыл түстөгү милте бастырылган.
  5. Күрмө.
    Күрмө кочкул боз түстөгү жарым-жартылай жүн кездемеден тигилет, сыдырма салынган тилик жан чөнтөктөрү бар, кайырма жакалуу, бел кур жана ичилик салынган. Өңүрлөрү кокеткалуу, кокеткалар бастыра тигилген тигиштерге капкалдырыктуу жана “беттеме” бүгүштүү каптама чөнтөктөр салынган. Учанын ортосунда тигиши бар, кокетка салынган. Жеңи кош тигиштүү, учтарына тилиги бар манжета салынган.
    Чөнтөктөрүнүн капкалдырыктары, манжеталар жана бел куру Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн формалык топчуларга топчуланат.
    Кызматкер аялдар үчүн күрмөнүн формасы ушундай эле.
  6. Сырткы көйнөк.
    Узун жеңдүү көйнөк ак же көгүлтүр түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, “беттеме” бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, бел кур салынган.
    Алды жагы этегине чейин ачык. Учасы кокеткалуу, жеңи тилик жана манжета салынган. Көйнөктүн алды, манжеталары жана бел куру топчуга топчуланат.
    Узун жеңдүү көйнөккө манжета салынып, көгүлтүр же ак түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, “беттеме” бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, пластмасса топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсүндө.
    Кыска жеңдүү көйнөк ак же көгүлтүр түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, “беттеме” бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки төш чөнтөгү бар, бел кур салынган. Алды жагы этегине чейин ачык.
    Учасы кокеткалуу. Көйнөктүн алды жагы, капкалдырыктары жана бел куру топчуга топчуланат.
    Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн көйнөктүн бел куру резинкага бекитилет.
    Кыска жеңдүү көйнөк көгүлтүр же ак түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, “беттеме” бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, пластмасса топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсүндө.
    Кызматкер аялдар үчүн сол жагына топчуланат.
  7. Жагоо.
    Жагоо жашыл түстөгү жибек кездемеден, чоюлган трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн туруп, учтуу болуп тигилет.
  8. Туфли.
    Туфли кара түстө болот.
    Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени жана мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн булгаары таман салынып шевродон; кенже, улук жана башкы кызматтагы класстык чени бар калган адамдар үчүн резина таман салынып, хромдон жасалат.
    Кызматкер аялдар үчүн туфли накта булгаарыдан, кара түстө, анча бийик эмес такасы бар моделдүү жасалат.
  9. Бийик кончтуу батинке.
    Бийик кончтуу батинке (кончу кыска өтүк) талаа формасы үчүн кара түстө, боосу менен болот.
  10. Айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү
  11. Баш кийимдеги кокарда.
    Баш кийимдеги кокарда алтын түстөгү томпойгон сүйрү розетка түрүндө металлдан туташ куюлуп жасалат, дал ортосуна Кыргыз Республикасынын символика белгисинин элементтери жайгашкан, символика белгисинин алкагынан кокарданын четтерине чейин гофрирленген бетке ээ.
    Кокарданын арт жагынын дал ортосуна – баш кийимге бекитүү үчүн бекиткич жасалат.
    Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн кокарда алтын түстүү жип менен саймаланат.
  12. Эмблема.
    Эмблема алтын түстүү металлдан туташ куюлуп жасалат, контурдун дал ортосуна ” Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти” деген жазуусу бар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгаштырылат.
  13. Төш белги.
    Төш белги кызыл боёктун элементтери бар алюминийден жасалган, тегерек сфералык (томпок) формага жана кызматкердин жеке номерине ээ.
  14. Жеңдеги белги.
    Жеңдеги белги кителдин, пальтонун же көйнөктүн жеңине тигүү үчүн кебез кездемеден жасалат, тиешелүү түрдө ага шелкография жолу менен сүрөт түшүрүлөт.
  15. Топчулар.

Топчулар металлдан жасалып, алтын түстө, чөйчөкчөдөн, түпчөдөн, көзөнөктөн же бекиткич илмектен турат.
Үстүңкү бет жагы томпок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн.
Топчунун диаметри 14 жана 22 мм.
Топчуну сары, каралжын-жашыл, изумруд-жашыл түстөгү пластмассадан жасоого жол берилет.

  1. Ийинге тагылма погондор.
    Ийинге тагылчу погондор пальтого, плащка, кителге, күрмөгө жана көйнөккө кадалат. Погон жумшагыраак кездемеден, жарыш кеткен узун жактары бар чоюлган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, ал эми жогорку учу кесик жагынан кең бурч болуп бүтүп, төмөнкү четине жарыш кетет.
    Погондун узундугу 12-16 см., мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар адамдар үчүн погондун эни – 5,5 см., башкы кызматтан кенже кызматка чейин класстык чени бар адамдар үчүн – 4-5,5 см. Погондун четтери, төмөн жагынан башкасы кочкул жашыл түстөгү нооту менен милтеленет, милтенин эни – 2,5 мм.
    Тигилме погондор пальтого, плащка, кителге кадалат. Чыгарып коймо погондор костюмга, көйнөктөргө, күрмөгө тагылат. Погондор кочкул көк түстө, ал эми ак түстөгү көйнөккө – күмүш түстө же ак түстө болот.
  2. Административдик кызматтагы адамдар үчүн погондор.
    Өзгөчө токулган көк түстөгү волокадан даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен капталган.
    Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстардагы мамлекеттик кеңешчисинин класстык чини бар жетекчилердин погондорунун талаачасына алтын түспөл металл жип менен тигилген диаметри 25 мм. болгон беш бурчтуу 3, 2 жана 1 жылдызча тигилет.
  3. Башкы административдик кызматтагы мамлекеттик кызматчылардын погондору
    Өзгөчө токулган көк түстөгү волокадан даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен капталган.
    Мамлекеттик кызматкердин погонунун талаасында:
    Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик кызматкердин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 3 жылдызча тигилет;
    Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик кызматкердин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм. болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 2 жылдызча тигилет;
    Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик кызматкердин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм. болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 1 жылдызча тигилет.
  4. Кенже жана улук административдик кызматтагы мамлекеттик кызматкердин погондору.
    Нооту капталган кочкул көк түстөгү волокадан даярдалат. Погондордо ачык жашыл түстөгү бир жарык чагылдыргыч тилке бар.
    Мамлекеттик кызматкердин погонунун талаасында:
    Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик кызматкердин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм. болгон алтын түстөгү 4 жылдызча бекитилет;
    Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик кызматкерлердин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм. болгон алтын түстөгү 3 жылдызча бекитилет.
    Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик кызматкердин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм. болгон алтын түстөгү 2 жылдызча бекитилет.
    Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик кызматкердин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм. болгон алтын түстөгү 1 жылдызча бекитилет.
    Саясий, жогорку административдик жана башкы административдик кызматтагы адамдар үчүн параддык погондор алтын түстөгү волокадан жасалат.
Show More
Back to top button