Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Республика боюнча 343 миңден ашуун бодо мал идентификациядан өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Республика боюнча 343 миңден ашуун бодо мал идентификациядан өттү

2023-жылдын I жарым жылдыгында республика боюнча ЖИКС маалыматтык тутумунда 2 169 709 баш ири мүйүздүү мал активдүү (тирүү)  статусунда турат, анын ичинен биринчи жарым жылдыкта 343 082 баш идентификациядан өтүп, базага каттоого алынды.

Чочколорду идентификациялоо боюнча республикада 8 443 баш чочко баласы ЖИКС маалыматтык тутумунда активдүү (тирүү) статусунда. Анын ичинен биринчи жарым жылдыкта 2 438 баш идентификациядан өтүп, каттоого алынды.

Үй канаттуулар, балык жана аары бал челектерди идентификациялоо боюнча 2023-жылдын I жарым жылдыгына карата 42 үй канаттуулар чарбасы идентификациядан өткөрүлүп, ЖИКС маалымат тутумуна киргизилди. Ал эми 460923 жеке үй чарбаларда 3556693 баш үй канаттуулар учетко алынды.

Аары бал челектерди идентификациядан өткөрүү иш-чаралары боюнча 1282 чарбада 83757 аары бал челектер идентификациядан өткөрүлүп, 77 537 аары бал челектер (92 %) ЖИКС маалымат тутумуна киргизилди. 

Балык чарбаларды идентификациялоодо 376 чарбада 1585 көлмөлөр, водоемдор идентификациядан өткөрүлүп, 1558 көлмө же болбосо 98 % ЖИКС маалымат тутумуна киргизилди.

2023-жылдын I жарым жылдыгында “Кыргыз Республикасында жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө үчүн комплекстүү акылдуу системасын түзүү аркылуу жаныбарлардан алынган азыктардын коопсуздугун жогорулатуу” долбоорун ишке ашыруу максатында Корея Республикасынын долбоорду башкаруу эксперттери иш сапарга келип, Чуй облусундагы мал союучу жайлар, жаныбарлардан алынган азыктарды өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү ишканалар, базарлар менен таанышып, изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, алдыда аткаруучу иштер  талкууланды.

Ошондой эле, жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо боюнча эт азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн изилдөө протоколундагы QR коддогу малдын идентификациялык номери, түрү, туулган күнү, клиникалык абалы, кайсы жерде жана качан союлганы, изилдөө протоколдун жыйынтыгы жана документтердин берилген күнү боюнча өзүнө камтып турган маалыматтарды ар бир жаран билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Учурда жаныбарларды идентификациялоо иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.

Show More
Back to top button